- Сенин супернөлүң+ (7 күнгө)
- Дайыма нөл!
- Переходи на О! 120+
- Переходи на О! 30 күн Регион + O! Safe Kids
- 6 ГБ
- 4 ГБ
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ! PRO
- 2 ГБ
- Переходи на О! 100 + O! Safe Kids
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ! Регион
- Переходи на О! 135 + О!TV + O! Safe Kids
- Переходи на О! 140 + O! Safe Kids
- Light О!го которул
- О!го которул Түштүк + TV Баштапкы
- Переходи на О! Регион + O! Safe Kids
- Переходи на О! Регион 115 + О!TV
- Переходи на О! 155 PRO
- О!го которул
- О!го которул Ысык-Көл + TV Баштапкы
- Переходи на О! 160 + O! Safe Kids
- VIP О!го которул
- Переходи на О! 180 + O! Safe Kids
- Smart 300 + Оңой
- О!го которул Нарын + TV Баштапкы
- Smart 1000 + Оңой
- О!го которул Талас + TV Баштапкы
- Сенин нөлүң! (30 күн)
- О!го которул Түштүк+
- Переходи на О! 30 күн
- Переходи на О! Регион + TV Баштапкы + O! Safe Kids
- Эң биринчи
- О!го которул Ысык-Көл+
- О!Үй-бүлѳ PRO
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 30 күн
- О!го которул Нарын+
- О!го которул Талас+
- О!го которул Түштүк
- О!го которул Ыссык-Көл
- О!го которул Нарын
- О!го которул Талас
- Переходи на О! Чексиздик + TV Премиум 30 күн + O! Safe Kids
- Переходи на О! 175 + O!TV PRO
- Переходи на О! Регион 350 + O!TV
- Оңой!
- Переходи на О! 120
- Сенин нөлүң 30
- Переходи на О! 135 + О!TV
- Сенин супернөлүң 7
- Мугалим PRO
- Пайдалуу чексиз 4G
- Переходи на О! 145 + О!TV PRO
- Переходи на О! 160
- Переходи на О! 160 + О!TV PRO
- Переходи на О! Студент +
- О!го которул Студент
- СЕНИН НѲЛҮӉ 7 ТҮШТҮК
- СЕНИН НӨЛҮҢ 30 ТҮШТҮК
- О!го которул Light + TV Баштапкы
- О!го которул Чексиздик + TV
- Алло!
- Сенин нѳлүӊ 7
- Окуучу PRO
- Бирге арзан 1.0 PRO
- Сенин супернөлүң
- Бирге+Оңой Түштүк
- Переходи на О! Студент 115
- Сенин супернөлүң+
- ОК!
- Интернет 40 ГБ
- Non-Stop
- Light+ О!го которул
- Переходи на О! Чексиздик + TV + O!Кино
- Light+ О!го которул белекке
- Окуучу 28 күн PRO
- Бирге арзан 2.0
- Сонун!
- Переходи на О! Студент Онлайн PRO
- О!го которул+
- Интернет
- VIP+ О!го которул
- Интернет+
- Premium О!го которул
- Переходи на О! 600 + O!TV
- Переходи на О! БААРЫ ҮЧҮН ЧЕКСИЗДИК! 4 жума PRO
- Чексиз 4G + O!TV
- БИРГЕ АРЗАН
- Переходи на О! Студент Онлайн PRO+
- Переходи на О! БААРЫНА ЧЕКСИЗ 7 күн
- О!Үй-бүлѳ
- Переходи на О! 160 + O!TV PRO+
- Сенин супернөлүң 1 жума
- Үйгө интернет
- Переходи на О! Регион 115 + O!TV + O! Safe Kids
- Переходи на О! 435 + O!TV
- Чексиз 4G
- Сенин нөлүң Универсалдуу
- Переходи на О! 490 + O!TV PRO
Переходи на О! 100 + O! Safe Kids
Переходи на О! 100 + O! Safe Kids
Интернет күндүзгү менен түнкүгө, 3G жана 4G деп бөлүнбөстөн!
ЖӨН ГАНА ПАЙДАЛУУ, ЖӨН ГАНА ЫҢГАЙЛУУ!
МААНИЛҮҮ! «Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» атайын акциялык тариф болуп саналат жана аны башка тарифке которгон учурда, тарифти кайрадан кайтарып алуу мүмкүн болбойт.
- Жогорку ылдамдыктагы 10 ГБ, андан кийин ЧЕКСИЗ интернет
- О! түйүнүндө акысыз ЧЕКСИЗ чалуулар жана SMS
- КРнын башка түйүндөрүнө 5 мүнөт
- О! Safe Kids кызматы АКЫСЫЗ!
Сиздердин сурооңуздар боюнча тарифте жаңы жана ыңгайлуураак эсептешүү тутуму иштеп жатат! Эгерде тариф үчүн абоненттик төлөмдү алуу учурунда балансыңызда 100 сомдон кем сумма боло турган болсо, анда баланстан автоматтык түрдө 20 сом алынат да, тарифтин мөөнөтү 1 күнгө узартылат (учурдагы сутканын 23:59:59га чейин). Сизге төмөнкүлөр жеткиликтүү болот:
7 күнгө абоненттик төлөм |
100 сом |
Мобилдик интернет |
Чексиз |
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү |
10 ГБ |
Башка түйүндөргө акысыз чалуулар* |
5 мүнөт |
О! түйүнүндөгү номерлерге чалуулар жана SMS |
0 сом |
"Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КРнын башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС** |
1 сом |
КРнын башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS |
1,50 сом |
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүнүн жана башка операторлордун номерлерине акысыз чалуулардын көлөмүнүн калдыгын текшерүү үчүн буйрутма |
*728*9# |
-
Алгачкы 10 гигабайт мобилдик интернет абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде мүмкүн болгон жогорку ылдамдыкта берилет. Андан ары интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.
-
Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттин топтому күндүзгү жана түнкү топтомдорго бөлүнбөстөн берилет.
-
Жогорку ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, «Турбокнопка 1 ГБ» кызматын кошууга болот, алар тариф боюнча кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти жогорку ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. «Турбокнопканы» “Жеке кабинет”, web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошуп алса болот:
«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);
«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;
-
КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;
-
Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
-
Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;
-
Сиздин балаңызга кам көрүүгө, виртуалдык жана реалдуу дүйнөдө коргоого жардам бере турган O! Safe Kids кызматы жаңы «Переходи на О! + O! Safe Kids» тарифтеринин топтомунда кошумча акысыз жеткиликтүү!
Жөн гана өзүңүздүн түзүлүштө «Ата-эне» режиминде, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде «О! Safe Kids» тиркемесин орнотуп жана ырастап алыңыз.
Эми сиз ар дайым:
· Балаңыздын кайсы жерде тургандыгын;
· Анын түзүлүшүшүн зарядынын бар экендигин билип жана көзөмөлдөй аласыз;
· Кооптуу сайттарды жана жагымсыз контентти бөгөттөй аласыз;
· Балаңыздын телефондо жана интернетте өткөргөн убактысын башкара аласыз;
· Кээ бир тиркемелерди бөгөттөй аласыз жана аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
· Ал гана эмес балаңыздын, ошондой эле анын жаңы досторунун Facebook жана ВKontakte тармактарындагы активдүүлүгүнө байкоо жүргүзө аласыз.
«O! Safe Kids» кызматын АppStore же Google Play маркеттеринен жүктөп алуу менен пайдаланууну баштаса болот, ал эми portal.safekids.kg сайты аркылуу башкарууга мүмкүн.
Кызматты активдештирүү үчүн буйрутма: *234*1#.
Сиз кызмат менен http://o.safekids.kg сайтынан кененирээк тааныша аласыз.
-
Байланыштын акылуу кызматтарын өчүрүү босогосу тарифтөөнүн минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
-
«Өзгөрүшүбүз керек» акциясына кошулуу мүмкүн, анын алкагында башка түйүндөргө чалуулар үчүн колдонулбаган мүнөттөрдү толугу менен АКЫСЫЗ алмашууга болот: *796*1# буйрутмасы менен КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө акысыз чалуулардын 5 мүнөтүн алмашуу менен кошумча 1 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетти алуу мүмкүн;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифтик планына кошулганда «Үн почтасы» кызматы автоматтык түрдө кошулат;
-
Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифтик планы үчүн абоненттик төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифтик планындагы абоненттер «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин тандаса жана алмаштырса болот;
-
Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, сиздин балансыңызда 20 сомдон кем эмес сумма болсо, анда баланстагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине 7 күн үчүн (100 сом) резервделет, ал эми жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек;
-
Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, баланста 100 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот;
-
Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифтик планында «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот;
-
Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз;
-
Бул тарифтин алкагында чексиз интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине алуу жана бул режимден чыгуу, андан соң маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн күйгүзбөстөн, *728*9# буйрутмасын терүү керек;
-
Эгер интернеттин топтому 1 же 7 күндүн ичинде сарпталбаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алмаштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында «Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн мурун алынган каражаттар кайтарылбайт;
-
Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 20 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 20 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес. -
Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифи иштеп жатканда төмөндөгү кызматтарды кошууга болбойт: «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+»;
-
«Переходи на О! 100 + O! Safe Kids» тарифинин шарттарын 1 күнгө (15 сом) узарткан учурда төмөндөгү кызматтарды кошуу жана көрсөтүү жеткиликсиз болот: «Интернет тарат!», «СУПЕРХАЙП», «Gamer», «Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Турбокнопка 1 ГБ» жана «O! Safe Kids».
-
Абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү;
-
О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КРнын башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.
*КРнын башка мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын («Megacom» бренди), «СкайМобайл» ЖЧКсынын («Beeline» бренди), «КТ Мобайл» ЖЧКсынын («Salam» бренди) номерлери кирет. Баасы абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 7/1 календарлык күнүнүн алгачкы 5/1 мүнөтүнө карата жеткиликтүү. 6/2 мүнөтүнөн баштап КРнын башка GSM байланыш операторунун номерлерине сүйлөшүүлөрдүн 1 мүнөтүнүн баасы 4,5 сомду түзөт. Эгер абонент КРнын башка мобилдик операторлоруна акысыз чалууларынын 1/5 мүнөтүн сарптабаган болсо, кезектеги абоненттик төлөм алынган учурда сарпталбаган мүнөттөр нөлгө түшүрүлөт.
**Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.