Переходи на О! 155 PRO

Переходи на О! 155 PRO


Интернет күндүзгү менен түнкүгө, 3G жана 4G деп бөлүнбөстөн!
ЖӨН ГАНА ПАЙДАЛУУ, ЖӨН ГАНА ЫҢГАЙЛУУ!
  • Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 14 ГБ интернет
  • Башка түйүндөргө 5 мүнөт
  • 40 O!TV каналы
  • О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS

Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:

Абоненттик төлөм 7 күнгө

155 сомов

Максималдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү

14 ГБ

Башка түйүндөргө*

5 мүнөт

О! түйүнүндө чалуулар жана SMS

0 сомов

"Мобилдик айлык акы" кызматынын алкагындагы тарифтин шарттарына ылайык, КР башка мобилдик операторлорунун абоненттеринен кирүүчү ар бир мүнөт үчүн БОНУС** 1 сом

КР башка байланыш операторлорунун номерлерине SMS

1,50 сома

Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмүн жана акысыз мүнөттөрдүн топтомунун көлөмүн текшерүү үчүн буйрутма

*728*9#

Башка тарифттерден отүү – 0 сом. SIM-картаны буйрутма менен бул жерден алсаңыз болот.

  • Мобилдик интернеттин алгачкы 14 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 күндүн ичинде максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайтылышы мүмкүн.

  • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомду колдонуп бүткөндөн кийин, 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10 ГБ «Турбокнопка» кызматтарын кошууга болот, алар кезектеги абоненттик төлөмдү алганга чейин мобилдик интернетти максималдуу ылдамдыкта колдонууга мүмкүндүк берет. Турбокнопкаларды «Жеке кабинетте», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы аркылуу кошууга болот:

«Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

«Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

«Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

«Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

«Мой О!» мобилдик тиркемесинен тарифтерди жана кызматтарды башкарыңыз, мүнөттөрдүн жана гигабайттардын калдыктарын текшериңиз, толук детализация менен күнү-түнү онлайн-консультация алыңыз. Тиркемени дароо азыр жүктөп алыңыз!

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифинин алкагында 40 ТВ каналын камтыган «О!TV Баштапкы» ТВ каналдарынын топтому иштейт. Сиздин сүйүктүү ТВ каналдарыңызды көрүү үчүн AppStore ( iPhone жана iPad үчүн), Google Play Market (Android үчүн) платфомаларынан жүктөп алуу же www.otv.kg веб-порталына кирүү зарыл. О!TV кызматы тууралуу толук маалымат бул жерде;
  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифинин алкагында топтомдордо фильмдерди, мультфильмдерди, сериалдарды, ТВ-шоу, илимий-популярдуу жана башка көрсөтүүлөрдү камтыган көп миңдеген каталогуна кирүү мүмкүнчүлүгүн берген «О!Кино» топтому жеткиликтүү:
  • «О!TV Стандарт» топтому 100 канал – күнүнө 3 сом *750*2#
  • «О!TV Премиум» топтому 200 ашык канал – күнүнө 5 сом *750*3#
  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик планы эсептешүүлөрдү алдын ала төлөө тутумундагы бардык абоненттер үчүн жеткиликтүү;

  • КР боюнча бардык чыгуучу чалуулардын баасы 3-секундага чейин – 0 сом;

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифиндеги SIM-картанын баштапкы балансы – 0 сом;

  • Сүйлөшүүнүн бир мүнөтү 7,49 сомдон тарифдештирилүүчү ««Кыргыз Темир Жолу» УК» Мамлекеттик ишканасынын +996-312-92-6х-хх жана +996-312-92-7х-хх жергиликтүү байланыш номерлерине чыгуучу чалууларынан башка КР жергиликтүү байланыш операторлоруна чыгуучу чалуулар – мүн/5,99 сом;

  • Бардык чыгуучу чалуулар – акысыз, болгону КР башка байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;

  • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат.
    Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
    Эми сиз дайыма:
    • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз;
    • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
    • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
    • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
    • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
    • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз. «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
    Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
    Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
  • «Өзгөрүшүбүз керек» акциясына кошулуу мүмкүн, анын алкагында башка түйүндөргө чалуулар үчүн колдонулбаган мүнөттөрдү толугу менен АКЫСЫЗ алмашууга болот: *796*1# буйрутмасы менен КРнын башка мобилдик түйүндөрүнө акысыз чалуулардын 5 мүнөтүн алмашуу менен кошумча 1 ГБ жогорку ылдамдыктагы интернетти алуу мүмкүн;

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик планына кошууда «Үн почтасы» кызматты автоматтык түрдө кошулат. «Үн почтасы» кызматты жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жаңы SIM-картаны активдештиргенде, которулганда же «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик план үчүн абонентттк төлөм алынганда, бир гана жолу «Коңгуроо» кызматы автоматтык түрдө кошулат, «Коңгуроо» кызматы 14 календарлык күн бою акысыз көрсөтүлөт да, 15-күндөн баштап стандарттык шарттарда көрсөтүлө баштайт;

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик планындагы абоненттер 706 префиксиндеги каалаган номерди тандаса болот жана «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттары боюнча номерин алмаштырса болот. «Менин жаңы номерим» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жаткан учурда, абоненттин балансында 155 сомдон кем эмес сумма болсо, абоненттин балансындагы бардык сумма абоненттик төлөмдүн эсебине резервделет, эгер жетишсиз сумма болсо, ал баланста кемитүү белгиси менен (тескери баланс) чагылдырылат жана шашылыш кызматтардын бекер номерлеринен тышкары бардык чыгуучу байланыш кызматтары өчөт жана интернетке кирүүгө болбойт. Мобилдик байланыш кызматтарын колдонуу жана интернетке кирүү үчүн бир жумалык абоненттик төлөмдү алуу үчүн балансты жетиштүү суммада толуктоо керек. Бир жумалык абоненттик төлөм толугу менен алынгандан кийин чыгуучу байланыш кызматтарын берүү жана интернетке кирүү калыбына келтирилет.

  • Эгер абонентте «АнтиАОН» же «АнтиАОН+» кызматтарынын бири кошулуп турган болсо жана кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатан учурда, баланста 155 сомдон аз сумма болсо, жогоруда аталган кызматтарды колдонуу чектелет, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына жараша кызмат боюнча абоненттик төлөм алына берет. Бул кызматтарды конкреттүү бир кызматты көрсөтүү эрежелерине ылайык каалаган учурда өчүрсө болот.

  • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарында жеткиликтүү. Эл аралык байланыш кызматтары жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик планындагы SIM-картаны активдештирүүдө же «Переходи на О! 155 PRO» тарифтик планына өтүүдө, «Бүткүл дүйнө» кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жасоого болот. «Бүткүл дүйнө» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Жогорку ылдамдыктагы интернет-трафиктин көлөмү ушул тарифтеги SIM-карта менен смартфондо гана колдонулушу мүмкүн. Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернет кирүү түйүнү катарында (модем шарттамында) колдонуу үчүн - «Интернет тарат!» кызматын колдонуңуз. «Интернет тарат!» кызматы жөнүндө кенен маалымат бул жерде;

  • Бул тарифтин алкагында интернеттин шарттарын туура көрсөтүү үчүн тутум тарабынан максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 300 МБ чейин интернет-трафик резервделет. Максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы интернет-трафиктин актуалдуу калдыгын текшерүү үчүн алгач маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн өчүрүү керек, андан кийин аппаратты "учуу" режимине алуу жана бул режимден чыгуу, андан соң маалыматтардын топтомдук өткөрүүсүн күйгүзбөстөн, *728*9# буйрутмасын терүү керек.

  • Абонент 7 күндүн ичинде мобилдик интернеттин топтомун сарптабаса, кезектеги бир жумалык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мобилдик интернеттин мегабайттары күйүп кетет.

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифин которуу үчүн жеткиликтүү болгон компаниянын каалаган тарифине алдамштырууда, бардык сарпталбаган акысыз мүнөттөр жана интернеттин мегабайттар күйүп кетет. Мында «Переходи на О! 155 + O!TV Баштапкы» тарифи боюнча абоненттик төлөм үчүн алынган каражаттар кайтарылбайт.

  • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
    ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
    ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
    ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (25 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.

  • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөмдү акыркы алган күндөн тартып) абонент интернеттин ашыкча көп көлөмүн колдонуп жатса жана башка абоненттер үчүн ыңгайсыздыктарды жаратса, тутум абоннеттик төлөмдү кийинки алганга чейин (эсептешүү мезгили аяктаганга чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келтирилет. Мындай мамиле жасоонун негизги артыкчылыгы болуп түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда адилеттүү бөлүштүрүү жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдыкты берүү саналат;

  • «Переходи на О! 155 PRO» тарифи иштеп жатканда, «5+5», «Сенин күнүмдүк нөлүң!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң» (7 күн), «Сенин нөлүң белекке», «Сенин нөлүң 3,6,12!», «Түнкү чексиздик+», «Бирге» кызматтарын жана интернет-топтомдорун кошууга болбойт.

  • Бир жумалык абоненттик төлөмдүн жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасы КНС эсепке алуу менен, СС кошпой көрсөтүлдү.

  • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.

  • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын жана КР башка байланыш операторлорунун чыгуучу чалууларынын тарифтөө кадамы - 10 секунда.

*КР мобилдик байланыш операторлоруна «Альфа Телеком» ЖЧКсынын (бренд «Megacom»), «Скай Мобайл» ЖЧКсынын (бренд «Beeline») номерлери кирет. Наркы алгачкы 5 мүнөт үчүн бир апталык абоненттик төлөм алынган учурдан тартып 7 календарлык күндүн ичинде жарамдуу. 6- мүнөттөн тартып КР башка мобилдик GSM байланыш операторлорунун номерлерине 1 мүнөт сүйлөшүүнүн баасы 2,8 сомду түзөт. Эгер абонент КР мобилдик операторлорунун номерлерине акысыз чалуулардын бардык 5 мүнөтүн сарптай элек болсо, кезектеги бир апталык абоненттик төлөмдү алып жатканда сарпталбаган мүнөттөр жокко чыгарылат.

**Тарифке которулганда же бул тариф менен SIM-картаны активдештиргенде автоматтык түрдө «Мобилдик айлык акы!» кызматы - 30 сутка акысыз мөөнөт менен кошулат. Акысыз мөөнөт бүтөрү менен (31-суткада) «Мобилдик айлык акы!» кызматы өз алдынча өчүрүлгөнгө чейин стандарттык шарттарда көрсөтүлөт.