О!Үй-бүлѳ PRO

О!Үй-бүлѳ PRO

o.kg_940x250.png
Бүт үй-бүлө үчүн мобилдик байланыш!
  • О! түйүнүнүн ичинде акысыз сүйлѳшүү үчүн 4 SIM-карта.
  • Ар бири үчүн бир айга 40 ГБ интернет.
  • Жалпы комплект үчүн 30 күнгѳ 990 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик тѳлѳм.

    Бир эле башкы SIM-картанын балансынан бир айда бир гана жолу тѳлѳнѳт!

    Комплектти алуу жана «О!Үй-бүлѳ» тарифине кошулуу үчүн бардык О! сатуу жана тейлөө кеӊселерине же O!Store дүкѳндѳрүнѳ кайрылыӊыз.

    Эгер сиз О! абоненти болсоӊуз, комплектти сатып алууда анын ичиндеги SIM-карталарды ѳзүңүздүн учурда колдонуп жаткан SIM-карталарыӊызга акысыз түрдѳ алмаштырып алсаӊыз болот.

    Тарифти кошуу ѳлкѳнүн бардык облустарында жеткиликтүү!

02.08.2022-ж. тартып «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин кошуп алуу мүмкүнчүлүгү жабылат.
Стоимость и тарификация
Башкаруу буйрутмалары:
Тарифти көрсөтүү шарттары:
Кошумча маалымат:
Башталгыч комплект менен 30 күн үчүн абоненттик тѳлѳмдүн баасы – 990 сом.

Милдеттүү шарт:

«О!Үй-бүлѳ PRO» тарифи үчүн ай сайын* 990 сом ѳлчѳмүндѳ абоненттик төлөмдү төлөөгө 1 жылга келишим түзүү керек.

«О!Үй-бүлѳ PRO» комплектиси 4 SIM-картадан турат:

1. Башкы SIM-карта (1 даана) – Айлык абоненттик тѳлѳм ушул SIM-картанын номеринен алынып турат. Кошумча номерлерди башкаруу аталган номерден ишке ашырылат.

2. Кошумча үч SIM-карта (3 даана) үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнѳ берилет.

Номерлерди топко кошуу:

Үй-бүлѳ мүчѳлѳрүнүн санына жараша, топко дагы кошумча 2 SIM-картаны киргизсе болот: топко эӊ кѳп Башкы SIM-карта менен биригип, 6 SIM-картаны киргизүү мүмкүн. «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин кошуу учурунда базалык комплекттин алкагында берилген номерди учурда колдонулуп жаткан абоненттик номерге бир жолу акысыз алмаштырууга уруксат берилет, ал эми кийинки номер алмаштыруулардын ар бири 200 сомду түзѳт. Базалык комплектке ар бир номерди кошуунун баасы 200 сом. Эгер базалык комплект орнотулган болсо, ар бир кошумча номердин баасы Абонент тарабынан өзүнчө төлөнөт. Эгер Башкы номер топко 5-кошумча номерди кошсо, анда кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1190 сомду түзөт, 6-кошумча номер кошулган учурда - кезектеги 30 күндүк абоненттик төлөм 1390 сом болот.

  • КР башка мобилдик операторлордун номерлерине чалуулар - 2,8 сом/мүн.
  • Кыргызстан боюнча SMS - 1,5 сом/даана
  • КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлерине чалуулар - 5,99 сом/мүн.
    • Ар бир SIM карта үчүн (1 башкы, 3 кошумча) мобилдик интернеттин алгачкы 40 гигабайты абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 30 күн бою максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыкта берилет. Андан кийин интернеттин ылдамдыгы азайышы мүмкүн;
    • Максималдуу ылдамдыктагы 40 ГБ интернет-топтому бирдей, күн менен түнгө БӨЛҮНБӨСТӨН берилет.
    • Максималдуу ылдамдыктагы интернет топтомун пайдалангандан кийин, Башкы SIM-картанын абоненти дагы, Кошумча SIM-картанын абоненттери дагы кезектеги абоненттик төлөмдү алуу учуруна чейин максималдуу ылдамдыктагы мобилдик интернет менен пайдаланууга мүмкүндүк бере турган 1 ГБ, 2 ГБ, 5 ГБ же 10ГБ «Турбокнопкаларын» кошуп алышса болот. «Турбокнопкаларды» «Жеке кабинеттен», web-интерфейс же төмөнкү буйрутмалардын жардамы менен кошсо болот:

    «Турбокнопка 1 ГБ» – *735*1# (30 сом);

    «Турбокнопка 2 ГБ» – *735*2# (50 сом);

    «Турбокнопка 5 ГБ» – *735*5# (100 сом);

    «Турбокнопка 10 ГБ» – *735*10# (150 сом).

  • «Турбокнопкалардын» иштөө мөөнөтү– «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифи үчүн кезектеги абоненттик төлөмдү алуу үчүн алгачкы аракетине чейин;
  • Бир мезгилде бир нече «Турбокнопкаларды» кошкондо интернет-трафик топтоштурулат;
  • «Турбокнопкаларды» өчүрүү мүмкүн эмес.
  • Кыргыз Республикасынын башка мобилдик түйүндѳрүнѳ пайдалуу чалуулар үчүн:
  • «Башка түйүндѳргѳ 10 мүнѳт» топтомун кошуу *545*10#(25 сом)
  • «Башка түйүндѳргѳ 20 мүнѳт» топтомун кошуу *545*20# (50 сом)
  • *1 жыл – бул 12 төлөнгөн мөөнөт. Келишимди мөөнөтүнөн мурда бузган жана 60 күндөн ашуун абоненттик төлөмдү төлөбөй койгон учурда айып төлөм 1 200 сомду түзөт.

    «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифинин чегинде О! түйүнүндө жеңилдетилген (тарифтештирилбеген) чыгуучу чалуулар жана SMS ар бир суткада төмөнкү көлөмдө берилет:

    •17:00:00 тартып 23:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 40 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичиндеги добуштук чалуулар – 140 мүнөт (бардык чалуулардын суммардык көлөмү);

    • 17:00:00 тартып 23:59:59 чейин SMS жөнөтүү – 20 билдирүү;

    • 00:00:00 тартып 16:59:59 чейин түйүн ичинде SMS жөнөтүү – 180 билдирүү.

    Жогоруда көрсөтүлгөн чектөөлөрдөн ашык колдонулган учурда тарифтештирүү шарттары төмөнкүдөй аткарылат, чалуунун 1 мүнөт баасы 1,18 сом, 1 SMS жөнөтүү баасы 1,50 сом.

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди кошуу

    *966*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерди өчүрүү

    *966*0*0X0Xxxxxxx#

    Башкы номер тарабынан Кошумча номерлердин тизмесин алуу

    *966*9#

    Интернет-трафиктин калдыгын топтогу бардык номерлер текшере алышат

    *728*9#

    • КР боюнча узактыгы 3 секундага чейинки бардык чыгуучу чалуулардын баасы – 0 сом;
    • Бардык кирүүчү чалуулар акысыз, КР жергиликтүү телефон байланыш операторлорунун номерлеринен 705 префиксиндеги номерлерге келген кирүүчү чалуулар – сүйлөшүүнүн бир мүнөтү - 5,99 сом;
    • КР жергиликтүү байланыш операторлорунун чыгуучу чалуулары – 5,99 сом;
    • O!Safe Kids – сизге виртуалдык жана чыныгы турмушта балаңызга кам көрүүгө, коргоого жардам бере турган кызмат. Кызмат «О!Үй-бүлө PRO», «О!Үй-бүлө Регион», «Бирге арзан», «Бирге арзан 1.0», «Бирге арзан 2.0» жана «Бирге арзан Регион» тарифтериндеги Башкы номерде жеткиликтүү.
      Өз түзүлүшүңүздө O!Safe Kids тиркемесин орнотуңуз жана «Ата-эне» режиминде ырастаныз, андан кийин балдарыңыздын түзүлүштөрүндө «Бала» режиминде ырастаңыз.
      Эми сиз дайыма:
      • Балаӊыз кайда жүргѳнүн билип, кѳзѳмѳлдѳй аласыз; • Түзүлүшү заряддалып-зараяддалбаганынан кабардар болуп турасыз;
      • Каалабаган сайттарды жана жагымсыз контентти бѳгѳттѳй аласыз;
      • Балаӊыз телефон жана интернет менен ѳткѳргѳн убакытты башкара аласыз;
      • Айрым тиркемелерди бѳгѳттѳп, аларды колдонуунун күнүмдүк лимитин белгилей аласыз.
      • Ал тургай балаӊыздын Facebook жана VKontakte платформаларындагы активдүүлүгүн, ошондой эле анын жаӊы досторун кѳзѳмѳлдѳй аласыз.
      «O! Safe Kids» кызматын portal.safekids.kg сайтынан, ошондой эле AppStore же Google Play тиркеме дүкѳндѳрүнѳн кѳчүрүп алып колдоно баштасаӊыз болот.
      Кызматты 30 күнгө кошуу: *234*1# (кызматтын наркы100 сом);
      Кызматты 365 күнгө кошуу: *234*2# (кызматтын наркы 900 сом).
    • «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифтик планына кошулганда, “Үн почтасы” кызматы кызматтын сайтта каралган шарттарынын негизинде автоматтык түрдө кошулат;
    • «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифтик планынын абоненттери «Менин жаңы номерим» кызматынын шарттарына ылайык башка номерди тандап, аны өзгөртө алышат;
    • Эгер сизде абоненттик төлөм күн сайын алынуучу кызматтардын бири кошулган болсо, «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифи боюнча кезектеги ай сайын алынуучу абоненттик төлөм алынган учурда балансыңыз 990 сомдон аз болсо, кошулган үзгүлтүксүз кызматты колдонуу чектеле баштайт, мында кошулган кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык үзгүлтүксүз кызматтын абоненттик төлөмүн алуу улана берет. Конкреттүү кызматты көрсөтүү шарттарына ылайык пайдалануунун каалаган учурунда кызматтын маалыматтарын өчүрүүгө болот;
    • Чыгуучу эл аралык чалуулар жана SMS эл аралык байланыш кызматтарын көрсөтүү шарттарына жараша жеткиликтүү;
    • «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифтик планына кошулганда, “Бүткүл дүйнө!” кызматы автоматтык түрдө кошулат, анын жардамы менен арзан баада эл аралык чалууларды жүргүзүүгө болот;
    • «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифинин алкагында роумингдин кызматы сайтта баяндалган жалпы эрежелердин негизинде көрсөтүлөт;
    • Абоненттик төлөм алына турган учурда Башкы номердин балансында абоненттик төлөмдү төлөө үчүн каражат жетишсиз болсо, баланста болгон сумманын бардыгы алдыдагы абоненттик тѳлѳмдүн эсебине резервге калтырылат, ал эми жетпеген бѳлүгү баланста минус (жетпеген баланс) белгиси менен чагылдырылып, шашылыш кызматтардын номерлерине акысыз чалуулардан тышкары, чыгуучу мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгү ѳчүрүлѳт. Мобилдик байланыш кызматтары менен интернетке кирүү мүмкүндүгүн алуу үчүн балансты айлык абоненттик тѳлѳмгѳ жете турганай суммага толуктоо зарыл;
    • Смартфонду башка түзүлүштөр үчүн интернетке кирүү жайы катары модем режиминде колдонордо «Интернетти тарат!» кызматы менен пайдалануу керек;
    • Интернетти үзгүлтүксүз колдонуу мүмкүндүгүн камсыздоо максатында, тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳн соӊ, 25 сомго 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилет:
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомдун жарамдуулук мѳѳнѳтү – тариф үчүн кезектеги абоненттик тѳлѳмдү алуу аракетине чейин. Мѳѳнѳт аяктагандан кийин интернет-топтомдун сарпталбаган кѳлѳмү күйүп кетет;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтом тариф боюнча негизги интернет-топтом түгѳнгѳндѳн кийин дароо берилет. Ошондой эле алгач берилген 1 ГБ кошумча интернет-топтом түгѳнүп калса, баланста жетиштүү каражат болгон учурда, кошумча интернет-топтомду кайра алса болот;
      ∙ Эгерде тариф боюнча негизги интернет-топтомдун трафиги аяктаган учурда баланста 25 сомдон аз каражат болсо, анда 1 ГБ кошумча интернет-топтом берилбейт;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ тыюу салуу мүмкүн, бул үчүн каалаган Сатуу жана тейлѳѳ кеӊсесине барса же *707 номери аркылуу сурап-билүү борборуна кайрылса болот;
      ∙ 1 ГБ кошумча интернет-топтомду берүүгѳ салынган тыюуну *745*1# буйрутмасы аркылуу же «Мой О!» тиркемесинен жокко чыгаруу мүмкүн.
      ∙ Кошумча интернет-топтомду болжолдуу кошуулар чектелген (20 сомго 1 ГБ) – бир күндүн ичинде 5 жолудан кем эмес.
    • Бардык кардарларын интернет менен камсыздоо максатында компания ашыкча жүктөм сааттарында тармактык ресурстарын адилеттүү бөлүштүрүү үчүн трафиктин "адилеттүү пайдалануу саясатын" (FUP - Fair Usage Policy) колдонуп келет. Эгерде эсептешүү мезгилдин ичинде (абоненттик төлөм акыркы алынган күндөн тартып) абонент интернет-сервисти кыянаттык менен пайдаланса жана башка абоненттерге ыңгайсыздыктарды жааратса, анда тутум абоненттик төлөмдү алган күндөн тартып (эсептешүү мезгилине чейин) интернетке кирүү ылдамдыгын азайтат. Кезектеги абоненттик төлөм алынган күндөн тартып, интернетке кирүү ылдамдыгы автоматтык түрдө калыбына келет. Мындай ыкманын негизги артыкчылыгы катары түйүндүн ресурстарын бардык абоненттердин ортосунда бирдей бөлүштүрүү жана болуп саналат жана ошол учурда мүмкүн болгон максималдуу ылдамдык берилет;
    • «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифинин алкагында Башкы жана Кошумча номерлерде төмөнкү кызматтарды кошуу:

      Мүмкүн: «Башка түйүндөргө 10 мүнөт», «Башка түйүндөргө 20 мүнөт», «Мобилдик айлык акы!» кызматы.

      Мүмкүн эмес: «5+5», «Сенин нөлүң күнүмдүк!», «Сенин чексиздигиң», «Сенин нөлүң плюс», «Сенин нөлүң!» (7 күн), «Сенин нөлүң 3, 6, 12!», «Түнкү чексиздик+», «Smart 300», «Smart 1000», «Smart Unlim», «Планшет Unlim», «Бирге», «СУПЕРХАЙП» Акциясы, «О!го которул Light+ белек», «Smart 300 белекке», «Smart 1000 белекке», «Smart Unlim белекке» жана «Сенин нөлүң 7 күнгө белекке» («белекке» кызматтарын Белек берүүчү жана Алуучу катары кошуу мүмкүн эмес).
    • Эгерде бардык SIM-карталардагы интернет топтому 30 күндүн ичинде толугу менен сарпталбаса, анда кезектеги айлык абоненттик төлөм алуу учурунда интернеттин сарпталбаган мегабайттары күйүп кетет.
    • Комплекттин, бир айлык абоненттик төлөмдүн, Кошумча номерди кошуунун/алмаштыруунун жана «Турбокнопка» кызматтарынын баасы бардык салыктарды эске алуу менен көрсөтүлдү, калган кызматтардын баасында КНС эске алынып, СС кошулган жок;
    • Акылуу байланыш кызматтарын өчүрүү босогосу тарификациянын минималдык бирдигин төлөө үчүн керектүү акча каражаттарынын санына туура келет.
    • О! түйүнүндөгү чыгуучу чалуулардын  жана КР башка байланыш операторлоруна чалуулардын тарифтештирүү интервалы – 10 секунд.

    • Башкы номердеги «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин мөөнөтүнөн мурда алмаштыруу Башкы номер катталган абонент каалаган О! кеңсесине же O!Store дүкөнүнө кайрылган учурда жана 1200 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөгөндө гана мүмкүн;
    • Эгер абонент «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифи менен пайдаланууну каалабаса, анда 1200 сом өлчөмүндөгү айып төлөмдү О! кеңсесинин же О!Store дүкөнүнүн кассасына накталай акча каражаттарды киргизүү жолу менен төлөшү керек;

    • Башкы номер тарабынан «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин компаниянын которулуу үчүн ыңгайлуу башка каалаган тарифине алмаштырылганда сарпталбаган бардык мүнөттөр жана интернеттин мегабайттары күйүп кетет. Мында мурда «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифи үчүн алынган абоненттик төлөм кайтарылбайт;
    • Эгер Башкы номер «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин башка тарифке ѳзгѳртсѳ, топтогу Кошумча номерлердин бардыгы автоматтык түрдѳ «О!го которул 120» тарифине ѳтѳт;
    • Эгер Башкы номер топтогу Кошумча номерлердин бирөөсүн өчүрүп салса, анда өчүрүлгөн номердин тарифи «О!го которул 120» тарифине автоматтык түрдө алмашат;

    • Эгер Кошумча номерлердин бири «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифин өз алдынча алмаштырып алса, анда Кошумча номердеги «О!Үй-бүлѳ PRO» тарифинин шарттары автоматтык түрдө өчөт да, учурдагы балансты эске алуу менен жаңы тарифтин шарттары кошулат.