«Мобилдик айлык акы» акциясы: О! менен бирге кирүүчү чалуулардан акча тап!

Сизге чалышты, сиз трубканы алдыңыз, андан ары таксидегидей: эсептегич чыкылдай баштайт, башка мобилдик оператордун номеринен чалууларды кабыл алганыңыз үчүн эле сиздин эсебиңизге акча топтоло берет. 

Принциби түшүнүктүү жана жөнөкөй. Сиз чалган учурда чалуунун акысын сиз төлөйсүз. Сизге чалышканда болсо, О! Мобилдик оператору кирүүчү чалуунун ар бир толук мүнөтүнө 1 сом кошуп эсептеп берет. Мында сизге чалган киши өз телефон байланышынын тарифинен бөлөк бир тыйын дагы төлөбөйт. О! түйүнүнүн абоненти да төлөбөйт, анткени «Мобилдик айлык акы!» Акциясы акысыз. Бул эреже О! түйүнүнүн номерине башка мобилдик операторлордун номерлеринен бардык кирүүчү чалуулар үчүн жарайт. Топтолгон акча каражаттарын байланыштын төмөндөгү бардык кызматтарын төлөө үчүн пайдаланса болот: чалуулар, мобилдик интернет же каалаган башка кызматтар боюнча абоненттик төлөм.

Акысыз кошулуу үчүн *833# териңиз.

  • Тариф алмаштырылган учурда «Мобилдик эмгек акы» Акциясы өчүрүлөт, мында бардык топтолгон бонустар сакталып калат. 

  • *833*9# буйрутмасын терүү менен топтолгон бонустарды текшерсе болот. 

Көңүл буруңуздар! «Мобилдик эмгек акы» акысыз акциясы «Сенин нөлүң 7 Түштүк», «Сенин нөлүң 30 Түштүк» жана «Ого которул Түштүк+» тарифиндеги абоненттери үчүн 2019-жылдын 14-январына чейин узартылды. Ошол эле учурда акцияга акысыз кошулуу 2018-жылдын 31-декабрь күнүнө чейин гана жеткиликтүү. 2019-жылдын 15-январь күнүнөн баштап кошумча нарк салыгы эске алынып, сатык салыгы эсептелбестен күнүмдүк абоненттик төлөм 1,99 сомду түзөт.

«Ого которул» жана «Сенин нөлүң» башка тарифтердин абоненттери үчүн «Мобилдик эмгек акы» акциясынын акысыз мөөнөтү 2018-жылдын 30-сентябрь күнүнө чейин узартылат. Ошол эле учурда акцияга акысыз кошулуу 2018-жылдын 15-сентябрь күнүнө чейин гана жеткиликтүү. 2018-жылдын 1-октябрь күнүнөн  баштап күнүмдүк абоненттик төлөм 1,99 сомду  түзөт (КНС эске алынып, СС кошулган жок).

Акцияны өчүрүү үчүн: *833*0# чакыруу буйрутмасын аткарыңыз.