Кыргызча
О!Бонус

О!Бонус

Бул О! байланыш кызматтарын колдонуудан жана O!Bank аркылуу QR-төлөмдөрдү ишке ашыруудан бонустарды топтоо мүмкүнчүлүгүн берген лоялдуулук программасы.

«Мой О!» – бул О! жана Saima Telecom абонентинин жеке кабинети, O!Bank жана «О!Маркет» маркетплейси.

«О!Бонус» – бул О! байланыш кызматтарын колдонуудан жана O!Bank аркылуу QR-төлөмдөрдү ишке ашыруудан бонустарды топтоо мүмкүнчүлүгүн берген лоялдуулук программасы.

1 бонус = 1 сом

Көбүрөөк активдүүлүк – көбүрөөк бонус!


О! байланыш кызматтарынан бонустарды кантип топтосо болот?

Жакындарыңызга чалыңыз, досторуңуз менен баарлашыңыз, тарифиңиз боюнча абоненттик төлөмдү, турбобаскычты, О! санариптик көңүл ачууларды төлөңүз жана О! байланыш кызматтарына 1 сомдон жогору сарпталган акча каражаттарынын 1% өлчөмүндө бонуска ээ болуңуз.

Мисалы, эгер сиз 850 сом өлчөмүндө тарифиңизди төлөсөңүз, 8,5 бонус берилет. О! байланыш кызматтары үчүн чогулган бонустар О!Бонус программасынын башка өнөктөштөрүнөн алынган бонустарга кошулат.

Бонустарды кайдан жана кантип сарптаса болот?

Бонустар менен каалаган O! номеринин балансын толуктасаңыз болот, ошондой эле «O!Бонус» лоялдуулук программасына катышкан өнөктөштөрдүн кызматтары жана товарлары үчүн төлөсөңүз болот.

Маанилүү: О! байланыш кызматтары үчүн бонустар 24 сааттан кийин Мой О! тиркемесинен жеткиликтүү болот.

Бонустардын санын кантип текшерсе болот?

Бонустардын санын Мой О! тиркемесиндеги «Менин бонустарым» бөлүмүнөн же жеке кабинеттин башкы баракчасынан текшере аласыз.

О!Бонус акциясын өткөрүү эрежелери О!Бонус акциясын өткөрүү эрежелери

«О!Деньги» сервиси жана бонустук процессинг «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан ишке ашырылат. КРУБ №2021030817, №3022030817 03.08.2017 ж. лицензиялары.