«СУПЕРХАЙП» Акциясы

Соцтармактарда жана мессенжерлерде чексиз отура берсеңиз болот!

Болгону 30 сомго сүйүктүү соцтармактар жана мессенжерлер үчүн жумасына 200 ГИГАБАЙТ!

  • Instagram
  • Facebook
  • WhatsApp
  • ВКонтакте
  • Одноклассники
«СУПЕРХАЙП» Акциясын кошуу буйрутмасы: *200#

*Акция «О!го которул +», «О!го которул Light+», «О!го которул Light + TV баштапкы», «О!го которул Туштук», «О!го которул Туштук+», «О!го которул Нарын», «О!го которул Талас», «О!го которул Иссык-Куль» тарифтеринде жеткиликтүү.

"СУПЕРХАЙП" акциясынын шарттары:
    Башкаруу буйрутмалары:

    • Акциянын статусун текшерүү: *200*9#
    • «СУПЕРХАЙП» Акциясынын чегинде берилген интернет-тарфиктин калдыгын жана тарифтин* чегинде берилген макисмалдуу ылдамдыктагы интернет-трафиктин калдыгын, ошондой эле КР башка мобилдик операторлорунун номерлерине чалуулар үчүн мүнөттөрдүн калдыгын текшерүү:  *728*9#
    • «СУПЕРХАЙП» Акциясын өчүрүү:  *200*0#
«СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттары:

  • «СУПЕРХАЙП» атайын акциясын Кыргыз Республикасынын жалпы аймагындагы «О!го которул +», «О!го которул Light+», «О!го которул Light + TV баштапкы», «О!го которул Туштук», «О!го которул Нарын», «О!го которул Талас», «О!го которул Ыссык-Кол» тарифтик пландарынын тариф үчүн абоненттик төлөмдөрү төлөнгөн абоненттери кошо алышат;
  • «СУПЕРХАЙП» акциясынын мөөнөтүнүн чегинде абонентке тиркемелерди жана Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, Facebook жана WhatsApp сайттарын пайдалануу үчүн максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 200 ГБ интернет трафик берилет;
  • «СУПЕРХАЙП» акциясынын мөөнөтүнүн чегинде WhatsApp добуштук жана видеочакырууларын жүргүзүүдө, тиркемелерди жаңылоодо, Instagram Stories, Facebook Stories жана Онлайн-трансляцияларды көрүүдө, браузерди приваттык көрүүдө (инкогнито) колдонууда, трафикти кыскан браузерди колдонууда же прокси-серверди, VPN-каналдарды, анонимайзерлерди колдонууда абонент тейленген негизги тарифтин же башка кызматтардын алкагында берилген интернет трафикти колдонуу (сарптоо) мүмкүн. Тарифке же кызматка кошулган интернет топтомду сарптоо тиркеме аркылуу же ВКонтакте, Одноклассники, Facebook, Instagram сайттарынан шилтемелер, сүрөттөр, видеороликтер камтыган баракчаларды ачуу үчүн тышкы ресурстар (башка сайттар) менен туташуу керек болгондой эле жүрөт.
  • «СУПЕРХАЙП» акциясынын чегиндеги 200 ГБ интернет трафик акция үчүн абоненттик төлөм алынган учурдан баштап, учурдагы тариф үчүн кезектеги автоматтык түрдө абоненттик төлөмдү алуу аракетине чейин көрсөтүлөт. Тиркемелерди жана Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, Facebook жана WhatsApp сайттарын пайдалануу үчүн максималдуу мүмкүн болгон ылдамдыктагы 200 ГБ интернет трафигинин максималдуу мөөнөтү – абоненттик төлөм алынган учурдан баштап 7 күн.
  • «СУПЕРХАЙП» акциясы боюнча абоненттик төлөм – бардык салыктарды эске алуу менен 30 сом. «СУПЕРХАЙП» акциясы боюнча абоненттик төлөмдөр:
    - биринчи жолу абонент тарабынан акцияга кошулган учурда;
    - андан кийин абоненттин балансында керектүү сумма болгон учурда тариф үчүн абоненттик төлөм ийгиликтүү алынгандан кийин дароо автоматтык түрдө алынат.
  • Эгер тариф үчүн абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу учурунда баланста «СУПЕРХАЙП» акциясы боюнча абоненттик төлөмдү алуу үчүн каражаттар жетишсиз болсо, анда акциянын шарттарын көрсөтүү токтотулат (социалдык тармактарды жана Instagram, ВКонтакте, Одноклассники, Facebook жана WhatsApp мессенжерлерин пайдалануудагы интернет трафикти тарифтештирүү абоненттин тарифтик планынын шарттарына жараша (абонент тейдленип жүргөн түздөн-түз абонент же тариф үчүн учурдагы бардык кызматтар менен акцияларды кошуу менен), тариф үчүн жана «СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттарын улантуу үчүн абоненттик төлөмдү алуу аракетине чейин жүзөгө ашырылат;

  • Эгер акча каражаттарынын жоктугунан «СУПЕРХАЙП» акциясынын шарттары автоматтык түрдө узартылбаса жана тарифтин активдүү шарттарында абоненттин эсебинде 30 жана андан ашык сумма пайда болуп калса, анда абонент USSD *200# буйрутмасын терүү менен акциянын мөөнөтүн өз алдынча уланта алат. Андан кийин «СУПЕРХАЙП» акциясынын чегинде 200 ГБ интернет трафик берилет.;

  • «СУПЕРХАЙП» акциясы боюнча абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу акция боюнча акыркы абоненттик төлөмдү алынган учурдан 91-күнү токтотулат.;

  • «СУПЕРХАЙП» акциясы боюнча 200 ГБ интернет трафиги абоненттик төлөмдү автоматтык түрдө алуу учуруна чейин сарпталып калган учурда, интернет трафиктин кийинки тарифтештирүүсү абоненттин тарифтик планынын шарттарына ылайык жүргүзүлөт.;

  • «СУПЕРХАЙП» акциясы кошулган учурда «Интернет тарат!» кызматын «СУПЕРХАЙП» кызматын өчүрмөйүнчө кошуу мүмкүн эмес;

  • «Интернет тарат» кызматы кошулган учурда «СУПЕРХАЙП» акциясын «Интернет тарат! » кызматын өчүрмөйүнчө *711*0# буйрутмасы менен кошуу мүмкүн эмес;

  • «СУПЕРХАЙП» акциясы кошулган учурдагы тариф башка каалаган тарифке алмаштырылган учурда, андай «СУПЕРХАЙП» акциясы өчүрүлөт;

  • «СУПЕРХАЙП» акциясын кайрадан кошуу абоненттик төлөмдүн акыркы алынган күнүнүн кийинки суткасында мүмкүн;

  • Акция боюнча акыркы кошулуу же автоматтык түрдө узартуу 2018-жылдын 31-августуна чейин мүмкүн.