«Жеңиш Күнү» Акциясы

Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин 73-жылдыгын майрамдоого байланыштуу, О! Мобилдик оператор Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине материалдык жардам берүүгө багыттала турган каражаттарды чогултуу боюнча кайрымдуулук марафонун ачкандыгы тууралуу жарыялады.

О! түйүнүнүн ар бир абоненти «Жеңиш Күнү» акциясына катыша алат жана ардагерлерди колдоого 20 сом которо алат. Ал үчүн SMS жөнөтүү керек же 1945 номерине чалуу керек.

Мурунку жылдардагыдай эле, ардагерлерге жардам чогултуунун гаранты катары О! Мобилдик оператору турат, ал ар бир түшкөн кайрымдуулук каражатынын келишин жана анын даректүү берилишин көзөмөлдөйт.

Жылдар өтүп жатат, бирок эч нерсе Улуу Ата Мекендик согуштун Жеңишинин маанисин жойо албайт.

«Жеңиш үчүн рахмат!» деп айтууга жетиш!

Акция 2018-жылдын 11-май күнүнө чейин улантылат.

Акция аяктагандан кийин анын натыйжасы боюнча отчетту мурунку жылдардагыдай эле www.o.kg расмий сайтынан жана Кыргызстандын алдыңкы басма сөз каражаттарынан окуса болот.