«30 ГБ БЕЛЕККЕ» АКЦИЯСЫ


«30 ГБ БЕЛЕККЕ» АКЦИЯСЫ жаңы номер менен eSIMди активдештирүүдө

30 гигабайт интернетти белекке кантип алса болот?
«Мой О!» тиркемесинде же O!Store фирмалык дүкөндөрүндө жаңы номер менен eSIMди активдештирип, 30 ГБ интернетти БОНУС катары АКЫСЫЗ алыңыз!


«Мой О!» тиркемесинде кантип өз алдынча eSIM'ди алууга болот?

1. «Мой О!» тиркемесин жүктөп алыңыз;
2. Авторизация баракчасында «О! абоненти болуу» жана «Баштоо» баскычын басыңыз;
3. Номерди, тарифти тандаңыз жана тиркемедеги нускамаларга ылайык паспорт боюнча каттоо жол-жобосунан өтүңүз;
4. Тандаган опцияларыңызды ыңгайлуу ыкма менен төлөңүз;
5. eSIM'ди активдештирүү үчүн электрондук дарегиңизге уникалдуу QR-кодду алыңыз.

Түзмөктө eSIM'ди кантип кошсо болот?
1. Түзмөктүн «Жөндөөлөрүнө» кириңиз;
2 «Уюлдук байланыш» же «Мобилдик маалыматтар» бөлүмүн тандаңыз;
3. «Уюлдук планды кошуу» баскычын басыңыз;
4. Түзмөгүңүздүн жардамы менен QR-кодду сканерлеңиз.
Маанилүү: eSIMди кошуу бул технологияны колдогон түзмөктө гана мүмкүн. Мындай түзмөктөрдүн тизмесин бул жерден көрө аласыз.


Акциянын шарттары
1. Акцияга катышуу eSIMди жаңы номер менен активдештирүүдө бир жолу гана жеткиликтүү.
2. Бонус (30 ГБ интернет) 7 күндүн ичинде жарактуу.
3. Бонустун (30 ГБ интернет) алкагында көрсөтүлүүчү интернетти колдонуу тарифтин активдүү абалында гана мүмкүн (эгер топтомдуу тариф үчүн кезектеги абоненттик төлөм төлөнгөндө).
4. Бонус (30 ГБ интернет) алкагында көрсөтүлүүчү интернет-топтомдун калдыгын текшерүү «Мой О!» тиркемеси же *828# буйрутмасы аркылуу жеткиликтүү.