Төлөм карталары

Төлөм карталары

Төлөм карталары

О! түйүнүн өз абоненттерине балансын же жакындарынын жана досторунун балансын толуктоо үчүн төлөм карталарын колдонууну сунуштайт.
Төлөм карталары номиналдары: 100 жана 200 сом сунушталды.

Төлөм картасынын сериялык номери 16 цифрадан турат жана картанын жашыруунун кодунун корголгон каптамасынын каршысында жайгашкан.

Төлөм картасын жүктөө

Жашыруун коддун корголгон каптамасын акырын сүртүңүз.  Өз мобилдик телефонуңуздан *101*төлөм картасынын жашыруун коду# c териңиз.

Картаны ийгиликтүү жүктөгөндөн кийин, Сиз телефонуңуздун балансы толтурулгандыгы жөнүндө балансыңызга түшкөн сумманы көрсөтүү менен билдирүү аласыз. Төлөм картасын жүктөгөндөн кийин Сиздин баланска төлөм картасынын номиналына барабар сумма келип түшөт.

Төлөм картасын О! түйүнүнүн башка абонентине жүктөө

Сиз өз телефонуңуздан О! түйүнүнүн башка кандай болбосун абонентинин балансына төлөм картасын жүктөй аласыз. Ал үчүн төмөнкү сервистик буйрутманы: *101*төлөм картасынын жашыруун коду*телефон номери# териңиз, мында телефон номери 10 санды форматта көрсөтүлөт.

Мисалы:*101*1234567890*0700123456#

Картаны ийгиликтүү жүктөгөндөн кийин Сиз жана карта ага жүктөлгөн абонент тийиштүү билдирүүлөрдү аласыз. Абоненттин балансына төлөм картасын жүктөөдө картанын номиналына барабар сумма келип түшөт.

Көңүл бургула! Төлөм картасын сатып алып жатканда, корголгон каптаманын бүтүндүгүн текшериңиз. Төлөм картасынын жашыруун кодун бейтааныш адамдарга айтпагыла.

Төлөм карталарын тосмолоо

Эгер Сиз 5 жолу катар менен төлөм картасынын тура эмес жашыруун коддун киргизсеңиз, төлөм карталарын жүктөө мүмкүндүгү Сиздин телефон үчүн автоматтык түрдө тосмолонот.

Төлөм картасын тосмолоодон чыгаруу кызматы акысыз. Төлөм карталарын жүктөө мүмкүндүгүн калыбына келтирүү үчүн, маалыматтык-сурап билүү кызматына кайрылуу калтыруу зарыл.

Көңүл бургула! Төлөм картасын жүктөө мүмкүндүгү гана тосмолонот. Каражаттарды накталай киргизүү мүмкүндүгү калат.

Эскертүү: Эгер абонентте төлөм карталарын жүктөө мүмкүндүгү тосмолонсо, О! түйүнүнүн башка абоненти ага балансты өзүнүн мобилдик телефону аркылуу толуктап бере алат.