Кыргызстандын ичинде О! менен саякатта – бул эӊ ири 4G LTE-түйүн (фото)

Кыргызстандын ичинде О! менен саякатта – бул эӊ ири 4G LTE-түйүн (фото)

17.08.2021

Дем алыш күндѳрү шаардан чыгып, эӊ сонун таасирлерге кабылгыӊ келеби? Азыркы учур – туризмдин бардык багыттарында сезондун чок ортосу эмеспи. Аба-ырайы жылуу кезде кыялдарыӊды орундатууга жетишип кал.

О! Мобилдик оператору ишенимдүү сигналды, ошондой эле ѳзгѳчѳ ыӊгайлуу нерсе – ѳлкѳ боюнча 100дѳн ашуун дүкѳндѳрдѳн жана миӊдеген тѳлѳм кабыл алуучу терминалдардан турган кардарларды тейлѳѳ боюнча эӊ ири O!Store тармагын камсыздоо менен сизге жолдо ар дайым байланышта болуп турууга жардам берет.

otrip_1080x814_kg.png1.png

О! түйүнүнүн техникалык адистери сиз үчүн колунан келген аракетин жумшап, 150дѳн ашуун калктуу пунктта сигналдын сапатын жакшырта алышты. Жүргүзүлгѳн иштер 4G LTE-түйүнү менен башка байланыш стандарттарынын ѳткѳрүү жѳндѳмдүүлүгүн мурдагыдан да тездетти. Эми О! сигналы тѳмѳнкү шаарларда, айылдарда жана стратегиялык объектилердин аймактарында туруктуу жакшы кармай баштады:

  • Чүй облусу: Бишкек, Кант, Кара-Балта, Токмок шаарларында, «Акыл-Ордо» ж/к, «12 каминов» эс алуу борборунун аймагында, «Орловка» тоо-лыжа базасында, «Алтын-Кен» алтын-кен комбинатында, ошондой эле Александровка, Тѳш-Булак, Бѳлүлү, Арпа-Тектир, Маевка, Лебединовка, Искра, Тѳмѳнкү Ала-Арча, Ильичевское, Петровка, Крупское, Садовое, Мраморное, Кызыл-Октябрь, Алтымыш, Кызыл-Суу, Алмалуу, Восток айылдарында.
  • Ысык-Кѳл облусу: Чолпон-Ата, Каракол шаарларында, Булан-Сѳгѳттү, Корумду, Чоӊ Сары-Ой, Тегизчил, Ырдык, Тилекмат, Жер-Үй, Бар-Булак, Тогуз-Булак, Ой-Тал, Ырдык, Темир-Канат, Кара-Ой, Бостери, Орто-Ѳрүктү, Ѳрнѳк, Тору-Айгыр, Бостери, Бактуу-Долоноту, Кажы-Сай, Тамга, Чок-Тал, Баетовка айылдарында.  
  • Талас облусу: Ѳзгѳрүш, Шекер, Үч-Эмчек, Боо-Терек, Нылды, Кѳк-Кашат, Атай Огонбаев, Талды-Булак, Кѳк-Токой, Кум-Арык, Маданият, Аманбаево, Кѳк-Сай айылдарында.
  • Нарын облусу: Нарын шаарында, «Кыргыз-Алтын» карьеринде, Жылан-Арык, Кош-Дѳбѳ, Байгенчек, Ѳзгѳрүш, Чоӊ-Дѳбѳ, Сегизинчи Март, Жылан-Арык, Терек-Суу, Комсомол, Телек, Шоро, Таш-Башат, Ача-Кайыӊды, Кара-Суу, Кызыл-Жылдыз айылдарында.
  • Жалал-Абад облусу:  Жалал-Абад, Таш-Кѳмүр, Кочкор-Ата шаарларында, Кыз-Кѳл, Кызыл-Капчыгай, Кѳк-Алма, Огон-Талаа, Бѳгѳт, Кызыл-Туу, Гавриловка, Мундуз, Каду, Кара-Инген, Ѳрүктү, Чолок-Тумак, Бүргѳндү, Падек айылдарында.
  • Ош облусу: Ош шаарында, Сары-Могол, Биринчи Май, Эркин-Тоо, Кызыл-Чарба, Үчкаптал, Туз-Бел, Чулук, Жекенди, Интернационал, Керкидан, Найман, Учар, Кызыл-Шарк, Бек-Жар, Борбаш, Нарай, Алтын-Булак, Мырза-Аке, Бабыр, Токтогул, Жаӊы-Айыл, Ничке-Сай, Ана-Кызыл, Бостон, Тосой, Кашка-Суу, Ачык-Суу, Тогуз-Булак, Сары-Булак, Сары-Күнгѳй, Ак-Терек, Ара-Кѳл, Кызыл-Байрак, 15 Жаш, Үчкаптал, Карамык, Курбан-Кара, Учар, Мамажан, Агартуу, Баш-Булак, Карчабек, Кызыл-Тоо, Жар-Башы, Шанкол, Куршаб айылдарында.
  • Баткен облусу: Марказ, Ак-Булак, Катран, Бешкент, 50 лет СССР айылдарында.

Ѳз ѳлкѳсүнүн аймагында туризм – бул активдүү, мобилдүү жана бош убактысын кызыктуу ѳткѳргѳндү билген адамдардын жашоо стили. 

О! байланышы сиздерди жолдо да, таанып-билүү туризмине таандык жерлердин кѳбүндѳ да коштоп жүрѳт. Компаниянын түйүнү ѳлкѳбүздүн калк жашаган аймагынын 99%нан кѳбүндѳ иштейт. О! Мобилдик оператору – 4G/3G/2G түйүндѳрүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери.

Кызыктуу факт. Мурда деӊиз деӊгээлинен 3700 метр бийиктикте орнотулган ушул радиореле станциясы аркылуу Ысык-Кѳл облусунун жалпы трафиги ѳтүп турган. Эми болсо, анын масштабдуу курулмалары маанилүү функцияны аткарып, була-оптикалык байланыш линиясы (БОБЛ) үзүлгѳн учур үчүн резервди камсыздап турат.

Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Компаниянын операторлору менен FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлѳр аркылуу байланыша аласыздар. Социалдык медиалардан тышкары, О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кѳрсѳтүү WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot номерлери жана www.o.kg сайтынан онлайн-чат аркылуу жеткиликтүү.

Фото үчүн ©Дмитрий Волковго ыраазычылык билдиребиз.


Тизмеге кайтуу