Февраль айында миллиондон ашык кыргызстандык О! 4G LTE-түйүнүнүн жакшырганын сезе алды

Февраль айында миллиондон ашык кыргызстандык О! 4G LTE-түйүнүнүн жакшырганын сезе алды

24.03.2021

О! Мобилдик операторунун техникалык кызматы февраль айындагы жалпы ѳлкѳ аймагында жүргүзүлгѳн түйүндүн сапатын жакшыртуу иштеринин натыйжалары жѳнүндѳ маалымдайт. Түйүндүн инфраструктурасы модернизацияланып, сыйымдуулугу жогорулатылды. Иш-аракеттер бир эле учурда тѳртүнчү жана үчүнчү муундагы түйүндѳрдѳ жүргүзүлүп жатат.

Бул абоненттерге сапаттуу добуштук байланыш кызматтары менен жогорку ылдамдыктагы интернетти колдонуу мүмкүнчүлүгүн берет. Биринчи кезекте компаниянын техникалык адистери жабдууну абоненттер тарабынан ар кандай байланыш кызматтары активдүү колдонулгандыктан түйүндѳ эӊ жогорку чекке жеткен жүктѳмдѳр байкалган жерлерде модернизациялоого аракет жумшашат. Ѳткѳн айдын ичинде эле жалпы калкынын саны миллиондон ашкан 188 калктуу пунктта иштер аткарылды.

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант шаарларында, Алтын-Казык, Ѳскѳн Ордо, Ак-Ордо конуштарында, ошондой эле Сокулук, Новопавловка, Новопокровка, Романовка, Ивановка, Тѳмѳнкү Норус, Садовое, Кайырма, Беш-Күнгѳй, Спартак, Алыскы Арал, Асылбаш, Жыламыш, Военно-Антоновка, Саз, Рот-Фронт, Советское, Ак-Кудук, Юрьевка, Первомайское, Нурманбет, Молдовановка, Эпкин, Онбир-Жылга, Лебединовка, Кой-Таш, Гроздь, Бекитай, Бѳксѳ-Жол, Кичи-Кемин, Бейшеке, Петровка, Кош-Дѳбѳ, Рассвет, Кум-Арык, Ровное, Жаӊы-Пахта, Белек, Кировское, Искра, Орто-Суу, Степное, Жаӊы-Алыш, Ильичевское, Беш-Күнгѳй айылдарында жана Суусамыр ѳрѳѳнүндѳгү автожол участогунда.Ысык-Кѳл облусу: Жон-Булак, Липенка, Пионер, Жергез, Чоӊ-Кызыл-Суу, Күрмѳнтү, Бостери, Аӊ-Ѳстѳн, Светлая Поляна, Жети-Ѳгүз айылдарында.
  • Нарын облусу: Эчки-Башы, Кызыл-Жылдыз, Бирлик айылдарында.
  • Талас облусу: Ѳзгѳрүш, Кызыл-Адыр, Бейшеке, Миӊ-Булак, Кара-Суу, Чымгент, Жийде, Куру-Маймак, Маймак, Арчагүл айылдарында.
  • Жалал-Абад облусу: Жалал-Абад, Таш-Кѳмүр, Кара-Кѳл, Кѳк-Жаӊгак шаарларында, ошондой эле Кызыл-Ата, Базар-Коргон, Чѳке-Дѳбѳ, Комсомол, Кара-Жыгач, Сузак, Достук, Оогон-Талаа, Чарбак, Карача, Бел-Терек, Жеӊиш, Арал, Тѳш, Кызыл-Сеӊир, Таштак, Октябрьское, Мундуз, Чат, Чалдыбар, Жараке, Кош-Коргон, Карамарт, Таш-Булак, Боз-Чычкан, Кызыл-Жар, Достук, Кызыл-Ата, Кош-Коргон, Базар-Коргон, Благовещенка, Коктонду/Правда айылдарында.
  • Ош облусу: Ош шаарында, ошондой эле Сары-Камыш, Тээке, Октябрь, Чагыр, Муркут, Жар-Коргон, Чапаев атындагы, Нойгут, Жинжиген, Кызыл-Сеӊгир, Кызыл-Алай, Кеӊеш, Сай, Кызыл-Мехнат, Кашгар-Кыштак, Большевик, Калинин атындагы, Ѳзгүр, Коммунист (Жаӊы-Кыштак), Кызыл-Байрак, Каарман, Учкун, Маданият, Жаӊы-Арык, Кыдырша, Ачы, Бешмойнок, Асанчек, Кызыл-Кошчу, Кызыл-Сарай, Кожо-Арык, Мырза-Арык, Мырзаке, Туз-Бел, Аюу, Курбу-Таш, Кызыл-Кырман, Чимбай, Карчабек, Кызыл-Тоо, Кароол, Орто-Арык, Адыр, Коргон, Чайчи, Талаа, Монок, Кожо-Арык, Куршаб айылдарында.
  • Баткен облусу: Баткен, Кызыл-Кыя, Исфана шаарларында жана Миӊ-Чынар, Сырт, Моло, Ак-Татыр, Катран, Гайрат, Советский, Валакиш, Чаувай, Кыргыз-Кыштак, Ак-Булак, Чек, Рават, Таян, Ак-Арык, Маданият, Эски-Оочу, Кайрагач, Бешкент, 50 лет СССР, Чекелик, Жошук, Үч-Коргон айылдарында.

Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет бизнес, билим берүү, аралыктан медициналык консультацияларды алуу, административдик кызматтардан пайдалануу жана башка кѳптѳгѳн мүмкүнчүлүктѳрдү берет. Бүгүнкү күндѳ О! Мобилдик операторунан 4G LTE түйүнүн ишенимдүү кабыл алуу аймагында Кыргызстандын 98%дан ашык тургуну жашайт.

О! Мобилдик операторунун LTE түйүнү ири облустук борборлорду гана эмес, мобилдик байланыш олуттуу социалдык мааниге ээ болгон алыскы айылдарды да камтыйт. Камтуу картасы жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар менен www.o.kg сайтынан тааныша аласыӊар.


Тизмеге кайтуу