О! бар жерде ылдамдык бар – Түйүндүн өнүктүрүлүшү менен интернеттин ылдамдыгы өсүүдө

О! бар жерде ылдамдык бар – Түйүндүн өнүктүрүлүшү менен интернеттин ылдамдыгы өсүүдө

11.10.2022

О! Мобилдик операторунун техникалык адистери бир жарым миллионго жакын киши жашаган калктуу пункттарда план боюнча регулярдуу иштерди аткарышты. 5G сыноодон өткөрүлүп жаткан учурда О! техникалык командасынын күч-аракеттери төртүнчү муундагы түйүндү өркүндөтүүгө жумшалууда.   4G LTE түйүнү башка жыштыктардан камтуу аймагынын чоңдугу жана маалымат өткөрүүнүн жогорку ылдамдыгы менен айырмаланат. Бул болсо трафикти көбөйтүүдө өзгөчө актуалдуу. 

  • Чүй областы: Бишкек шаарында, «Акыл-Ордо» конушунда, ошондой эле Төмөнкү Орок, Тогуз-Булак, Сары-Жон, Бирдик, Петропавловка айылдарында
  • Ысык-Көл областы: Бактуу-Долоноту, Григорьевская, Тогуз-Булак, Сары-Ой, Орлиное, Темир-Канат айылдарында жана Жыргалаң шаарчасында
  • Жалал-Абад областы: Торкент, Ак-Тектир, Мукур, Ит-Агар, Жаңгактуу-Булак, айылдарында
  • Ош областы: Ош шаарында, Киров айылында
  • Баткен областы: Cүлүктү, Кадамжай шаарларында жана Паскы-Арык айылында.

Байланыш кызматтарынын сапатын жогорулатуу, санариптик долбоорлорду ишке ашыруу – компаниянын өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу багыттар. Жаңы абоненттер О! түйүнүнүн мүмкүнчүлүктөрүн сынап көрүп, 4 жумага 750 сомдун ордуна арзандатуу менен болгону 495 сомго   «БААРЫНА ЧЕКСИЗДИК» тарифин кошуп ала алышат. Тарифти төмөндөтүлгөн баа менен дагы 2 жолу узартса болот. Башкача айтканда, 3 ай бою суперпайдалуу байланыш мүмкүндүктөрүнөн пайдалана аласыз. Толук маалымат o.kg сайтында.

О! Мобилдик оператору – калктын 99%нан көбүн кучагына алган 4G/3G/2G камтуусу боюнча Кыргызстандын лидери. Камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. Колдоо кызматы менен Facebook, Instagram, «Одноклассники», «ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарынан жеке билдирүүлөр аркылуу байланыша аласыздар. О! абоненттерине күнү-түнү колдоо кызматы WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана www.o.kg сайтынан онлайн-чат аркылуу көрсөтүлөт.

О! Мобилдик оператору – сенин смартфонуңа арналган түйүн! 


Тизмеге кайтуу