О! операторунан 4G LTE түйүнү Баткен облусунун жаӊы аймактарын камтыды

О! операторунан 4G LTE түйүнү Баткен облусунун жаӊы аймактарын камтыды

28.02.2019

О! операторунан 4G LTE жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет баткендиктердин кѳбүнѳ жеткиликтүү болду. Жакында техникалык адистердин тобу Баткен облусунун дагы 58 калк жашаган пунктунда жаӊы жабдууну жѳндѳѳнү ишке ашырды.

«Баткен облусунда тездик менен иштѳѳчү 4G стандартындагы жаӊы объектилердин ишке киргизилиши О! операторунун ѳлкѳ аймактарынын технологиялык инфратүзүмүн ѳнүктүрүү боюнча комплекстүү стратегиясын ишке ашырууну улантууда. Маалымат ѳткѳрүүнүн заманбап жогорку ылдамдыктагы кызматтарын берүү жалпы эле аймакты ѳнүктүрүү драйверлеринин бири катары эсептелип, бул учурда O! 4G LTE түйүнүнүн масштабдуу ишке киргизилиши бир катар маанилүү социалдык маселелерди чече алат. Мындай маселелердин бири болуп, аймактын бардык жашоочуларына жана ишкердик чѳйрѳсүнѳ заманбап технологияларды бирдей колдонуу мүмкүнчүлүгүн камсыздоо эсептелет», - деп билдирди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

«Тѳртүнчү муундагы» түйүндү жайылтуу боюнча масштабдуу республикалык долбоордун алкагында эӊ жогорку ылдамдык менен мыкты камтууга тѳмѳнкү калктуу пункттардын жашоочулары ээ боло алышат:

Зар-Таш, Чоӊ-Гара, Газ, Сай, Согмент, Чарбак, Жаӊы-Бак, Паскы-Арык, Кѳк-Таш, Ак-Татыр, Говсувар, Боз-Адыр, Чимген, Мырза-Патча, Ак-Булак, Ак-Суу, Алга, Жеӊиш, Коргон, Чуянчы, Катран, Ленин атындагы, Кара-Тумшук, Чогорок, Алга, Чуӊкур-Кыштак, Ормош, Бел, Жал, Эшме, Кара-Дѳбѳ, Какыр, Кожо, Кон, Лесхоз, Лангар, Марказ, Арпа-Сай, Кѳк-Талаа, Маяк, Орозбеков, Какыр, Калача, Калтак, Сулайманабад, Разъезд, Сухана, Гүлдүрѳмѳ, Жошук, Курулуш, Ноогардан, Ынтымак, Чекелик, Кайтпас, Кызыл-Жол, Базар-Башы, Восточный, Караван.

***

4G LTE- О! түйүнү – камтуусу жана кѳлѳмү боюнча Кыргызстандын лидери. Ѳлкѳнүн жалпы калкынын 81% кѳбү «тѳртүнчү муундагы» стандартты колдонуу мүмкүнчүлүгүнѳ ээ.


Тизмеге кайтуу