О! Талас облусунда дагы 40тан ашык жаӊы байланыш объектисин курду

О! Талас облусунда дагы 40тан ашык жаӊы байланыш объектисин курду

01.03.2019

Талас облусунда О! операторунан 4G-интернеттин ылдамдыгы мурункудан дагы жогорулады. Айкѳл Манас атабыздын мекенинде дагы 40тан ашык жаӊы байланыш объектиси ишке киришти.

Жаӊы жабдууну орнотууда жана жѳндѳѳдѳ О! мобилдик оператору негизги басымды шаардын четиндеги айылдарга, башкача айтканда зымдуу интернет жеткиликтүү болбогон же таптакыр жок жерлерге жасады. Кошумча базалык станциялар тѳмѳнкү калк жашаган жерлерде пайда болду:

Жоон-Дѳбѳ, Жийде, Бейшеке, Кара-Суу, Аманбаев, Суулу-Маймак, Чоӊ-Кара-Буура, Үч-Булак, Ынтымак, Боо-Терек, Кызыл-Октябрь, Маданият, Урмарал, Кеӊ-Арал, Миӊ-Булак, Ѳзгѳрүш, Ак-Дѳбѳ, Кызыл-Чарба, Кыргызстан, Жон-Коргон, Первомайское, Майское, Баласары, Жайылган, Кызыл-Жылдыз, Ак-Таш, Жийде, Чоӊ-Капка, Арал, Кызыл-Туу, Кѳк-Кашат, Таш-Арык, Ак-Жар, Орто-Арык, Кѳк-Ой, Кѳпүрѳ-Базар, Жон-Арык, Кѳк-Токой, Кум-Арык, Козучак, Талды-Булак, Атай Огонбаев, Балбал.

«Талас облусунда мобилдик түйүндѳрдүн жаӊы техникалык мүмкүнчүлүктѳрүнѳ ѳтѳ тездик менен жооп кайтарган активдүү колдонуучулар жашайт. Мобилдик интернет менен жаӊы ылдамдыктарга карата суроо-талаптын кандай тездик менен ѳсүп жаткандыгын кѳрүүдѳбүз. Бул болсо, маалымат ѳткѳрүү түйүндѳрүн бардык жерлерде орнотуу, иштеп жаткан түйүндѳрдү модернизациялап туруу, интернетти бүтүндѳй калк үчүн жеткиликтүү жана ыӊгайлуу кылуу сыяктуу стратегияларыбыздын туура тандалып алынгандыгын ырастап турат», - деп белгилейт О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

4G/3G/2G стандарттарынын тилкесинде О! түйүнүнүн камтуу картасын толугу менен  www.o.kg баракчасынын Зона охвата бѳлүмүнѳн кѳрѳ аласыздар. Кыргызстандын башка облустарында байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыкты жогорулатуу туурасында жаӊылыктар менен «Развитие сети» бѳлүмүнѳн тааныша аласыздар.

Лидерден 4G күйгүз!

***

4G LTE- О! түйүнү– 4G/LTE кѳлѳмү жана камтуусу боюнча Кыргызстандын лидери.


Тизмеге кайтуу