О! мобилдик оператору түйүндү жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер тууралуу билдирет!

О! мобилдик оператору түйүндү жакшыртуу боюнча масштабдуу иштер тууралуу билдирет!

10.07.2018

О! мобилдик оператору өлкө ичинде каптоо аймагын кеңейтүү жана байланыш сапатын жакшыртуу тууралуу маалымат берет. Оператор үчүн 2018-жылда бардык жерлерде 4G жана 3G тармактарын өнүктүрүү иши приоритеттүү багыт катары калууда.

«Абоненттердин байланыш сапатын кабыл алуусу жана О! түйүнүнүн кызматтарын жөн гана колдонбостон, башкаларга да сунуштоого даярдыгы түйүндү техникалык жактан өнүктүрүүгө арналган иш-аракеттерибиз менен түздөн-тү байланышта экендигин жакшы билебиз. Ошондуктан, түйүндүн каптоо аймагын кеңейтүү жана өлкө боюнча кызматтардын сапатын жакшыртуу – О! мобилдик оператору үчүн ачкыч приоритет болуп эсептелет», — дейт ишкананын техникалык директору Антон Коваленко.

Техникалык дирекциянын адистери О! түйүнүнүн инфратүзүмүн жогорку темп менен курууну улантууда. Өтүп кеткен айдын ичинде эле ишкананын техникалык адистеринин аракеттери менен өлкөнүн ар бир областынын 70 калктуу аймагында туруктуу байланыш жана интернеттин жогорку ылдамдыктары камсыз кылынды:  

  • Ош областы: Ош, Эски-Ноокат, Өзгөн шаарларында, Керме-Тоо, Отуз-Адыр, Жаңы-Ноокат, Гузар, Өзгөн, Кесов, Тепе-Коргон, Чертик, Арал, Тепе-Коргон, Уйгур-Абад, Кызыл-Сарай, Гайрат, Кызыл-Октябрь, Жийде, Кыргызстан айылдары жана Киров атындагы айылда;

  • Жалал-Абад областы: Жалал-Абад, Ала-Бука, Сузак, Кара-Көл, Таш-Көмүр, Кочкор-Ата, Токтогул шаарларында жана Ак-Там, Сафед-Булон, Массы, Таш-Булак, Торкент, Кара-Тектир, Улан-Булак, Чангыт, Таштак, Миң-Өрүк, Төөлөс, Канды, Кетерме, Тайгараев атындагы айылдарда;

  • Баткен областы: Исфана шаарында жана Гагарин, Самат, Кара-Чагат, Мырза-Патча, Ак-Суу, Чон Кара, Интернационал айылдарында;

  • Нарын областы: Нарын шаарында жана Жаңы-Арык, Кара-Суу айылдарында, ошондой эле «Солтон Сары» алтын кен комбинатынын аймагында;

  • Чүй областы: Бишкек шаарында жана Чаткел, Военно-Антоновка, Милянфан, Жээк, Кичи-Кемин, Кара-Булак, Кызыл Октябрь айылдарында, «Горный Ветерок» дача посёлогунда, «Алтын-Казык» конушунда жана Чүй ГЭСнин аймагында;

  • Ысык-Көл областы: Каракол шаарында, Түп, Күрмөнтү жана Кожояр айылдарында;

  • Талас областы: Талас шаарында жана Кызыл-Адыр, Таш-Арык, Көк-Кашат айылдарында.

4G/3G/2G тилкесиндеги О! түйүнүнүн толук каптоо картасы менен бул жерден тааныша аласыздар

Курорттук Ысык-Көл областынын аймагында О! түйүнүн масштабдуу жакшыртуу тууралуу кененирээк маалыматты шилтемеден ала аласыздар.

 


Тизмеге кайтуу