О! Мобилдик оператору Ош шаарында 5G тест зонасын ачты

О! Мобилдик оператору Ош шаарында 5G тест зонасын ачты

12.10.2022

О! Мобилдик оператору Ош шаарынын тургундарын жана конокторун бешинчи муундагы 5G технологиясынын артыкчылыктарын баалап көрүүгө чакырат.

5G алгач 3G, кийин 4G сыяктуу эле жашообузга позитивдүү өзгөрүүлөрдү киргизүүгө даяр. Байланыштын үчүнчү мууну жогорку темптер менен келгенде, смартфондор жүрөгүбүздөн орун алып, баскычтуу телефондордун ордун ээледи, SMS деген эмне экенин унутуп, кыйла мобилдүү болуп калдык.

ЗАСТАВКА 5G ОШ.jpgA7R09244.jpg

Ылдам 4G мобилдик интернет менен кубаттуу смартфондордун пайда болуусу менен кыргызстандыктардын көнүмүш адаттары жана приоритеттери өзгөрдү. Бүгүнкү күндө ылдам мобилдик интернеттин жардамы менен кеңседен тышкары, жолдо кетип бара жатып деле иштей беребиз. 4G компанияга кардарларынын кызыкчылыктарынын айланасында бүтүндөй digital-экотутум - «Мой О!» тиркемесин жаратууга шарт түзүп берди. Бүгүн сиз бир нерсе сатып алуу үчүн чыгып бара жатып, жаныңызга смартфонуңузду эле алып алсаңыз болот. Анын жардамы менен сатып алууларды төлөө, такси чакыруу, геолокация аркылуу жакындарыңыздын кайда экенин билүү, видеочалууларды аткаруү, миңдеген кинофильмдерди көрүү жана башка көптөгөн нерселерди аткаруү мүмкүн. Баса, О! Мобилдик оператору – 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча Кыргызстандын лидери жана калктын 99%нан көбүн камтыйт.

5G өзүнөн мурунку байланыш стандартынан 10 эсе көп мүмкүнчүлүктөрдү бере алат. Технологиянын уникалдуу мүмкүндүктөрү буюмдар интернети, жасалма интеллект, медицинаайыл чарбаакылдуу шаарөнөр жайэнергетикабилим берүү, бизнес чөйрөлөрүнүн ири потенциалын ачууга жардам берет.

Ош шаарындагы О! 5G тест зонасын Масалиев көч., 16/б дарегинде жайгашкан O!Store дүкөнүнүн ичинен таба аласыз. Жогорку ылдамдыктардын зонасына кош келиңиз!

A7R09223.jpgA7R09409.jpg

Жаңылыктар менен компаниянын FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларынан таанышыңыздар – сиздерди кызыктуу нерселер күтөт.

О! Мобилдик операторунан 5G – ылдамдыктын жаңы формуласы.


Тизмеге кайтуу