О! Мобилдик оператору алыскы айылдарда 4G базалык станцияларын ишке киргизди

О! Мобилдик оператору алыскы айылдарда 4G базалык станцияларын ишке киргизди

18.03.2019

О! Мобилдик оператору өзгөчө тоолуу жана алыс жайгашкан райондордогу эки миңден аз киши жашаган айылдарда жана кыштактарда жогорку ылдамдыктагы маалымат өткөрүүчү 4G түйүндөрүнүн географиясын кеңейтүүдө.

«Биздин компания райондук жана облустук борборлордон алыс жайгашкан калктуу пункттарда байланыш кызматын жолго коюуга өзгөчө көңүл бурат. Буткүл дүйнө санарипке өтүп жаткан мезгилде бул абдан маанилүү деп эсептейбиз, анткени биздин өлкөдө дагы аймактарды санариптештирүү иши толук кандуу жүрүп жатпайбы, — деп жаңы ишке киргизүүлөр жөнүндө О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко билдирди. — Татаал тоолуу рельефи менен айырмаланган биздин республикада биздин техникалык команда бул багытта активдүү иш жүргүзүп жатат».

4G түйүнүн модернизациялоонун пландуу этабынын натыйжасында О! оператору Кыргызстандын айылдарында мобилдик кенен тилкелүү интернеттин ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын бир кыйла жогорулатууга жетишти. Төмөндөгү калктуу пункттардын 150 000ден ашуун тургундары жогорку ылдамдыктагы 4G түйүнүнө кирүү жана О! операторунан сапаттуу байланыш менен колдонуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту:

  • Чүй облусу: Горная Маевка, Кызыл-Бирлик, Ичке-Суу, Норус, Таш-Башат, Үч-Эмчек, Милянфан, Тельман атындагы, Ак-Сай, Ставрополовка, Чоң-Арык, Крупское, Предтеченка, Сретенка, Күрпүлдөк, Төш-Булак, Бөрүлү, Жыламыш, Камышановка, Асылбаш, Киров, Саз, Конуш, Белек, Прогресс, Маданият, Онбир-Жылга.
  • Ош облусу: Кең-Жылга, Талды-Суу, Хауз, Сары-Таш, Курбан-Кара, Акчал, Кош-Дөбө, Кызыл-Булак, Чегеден, Үчбай, Ак-Чабуу, Өсөр, Ятан, Он эки-Бел, Герей-Шорон, Жайылма, Таш-Булак, Кашка-Жол;

  • Жалал-Абад облусу: Кашкалак, Жаңы-Абад, Аркит, Кызыл-Капчыгай, Сакалды, Чоң-Багыш;

  • Нарын облусу: Жаңы-Талап, Бугучу, Чекилдек, Ак-Талаа, Эмгек-Талаа;

  • Талас облусу: Кара-Сай, Кайнар, Арчагүл, Талас;

  • Ысык-Көл облусу: Боз-Булуң, Боз-Учук, Светлая Поляна;

  • Баткен облусу: Кароол.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.

 


Тизмеге кайтуу