О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун жана камтуусун кеңейтүүдө

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун жана камтуусун кеңейтүүдө

24.06.2019

О! Мобилдик оператору бут республика боюнча мобилдик кеңири тилкелүү интернеттин жогорку керектелүүсүн эске алуу менен 4G LTE-түйүнүн активдүү түрдө кеңейтүүдө .

4G LTE-интернети кийинки калктуу пункттарда мурункудан дагы ылдамыраак жана ишенимдүүрөөк болуп калды:

  • Нарын облусу: Нарын шаарында, ошондой эле Ак-Чий, Жаңы-Терек, Шоро, Жергетал, Сегизинчи Март, Жергетал, Кочкор айылдарында;

  • Жалал-Абад облусу:  Жалал-Абад шаарында жана Бирдик айылында;

  • Ош облусу: Ош, Өзгөн шаарларында жана Кеңеш, Жапалак айылдарында;

  • Баткен облусу: Баткен шаарында жана Андарак, Тенге, Булак-Башы айылдарында.

Мындан тышкары, 4G LTE менен биргеликте О! түйүнү республиканын бир катар маанилүү объектилеринде иштеп жатат: Талас облусунун «Ширалжин» алтын кени, Чүй облусунун «Алтын Кен» жана Жалал-Абад облусунун «Макмал Алтын» ишканалары.

Ар саат сайын О! түйүнү аркылуу 4G стандартында миллион фотосүрөттөрдү жөнөтүү менен салыштыра тургандай маалыматтардын көлөмү өтөт. Түйүндүн туруктуу жакшыртылышы О! Мобилдик операторунун абоненттерине үйдө дагы, өлкө боюнча сапарларында дагы каалаган маселени глобалдык түйүндө чечип алуу мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

О! Мобилдик оператору жалпы өлкөнүн калкынын 95%ынан ашуун тургундары жашаган аймактарды кеңири камтыган 4G LTE түйүнүнө ээ.

О! түйүнүнүн камтуу картасын www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн көрүңүз. Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жакшыртуунун мезгилдүү жаңылыктарын «Түйүндүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

 


Тизмеге кайтуу