О! мобилдик оператору түйүндүн өнүгүү темпин жогорулатты

О! мобилдик оператору түйүндүн өнүгүү темпин жогорулатты

18.10.2017

О! мобилдик оператору түйүндүн каптоо аймагынын кеңейтилиши жана байланыштын сапатынын жакшыртылышы тууралуу маалымдады. Компаниянын адистери иштеп жаткан базалык станцияларды модернизациялоону, жаңы жабдуулардын монтажын жана ишке киргизүүнү жүзөгө ашырышты. Натыйжада, 50гө жакын калк отурукташкан пункттардын тургундары байланыштын сапатынын жакшыртылгандыгын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын сезе алышты.  

«Мобилдик интернетке болгон муктаждык барган сайын көбөйүүдө. Абоненттердин саны дагы, маалыматтарды берүүнүн көлөмү дагы, мобилдик байланыштын сапатына карата үмүттөр да өсүүдө. Байланыштын жаңы объектилерин куруу менен катар, биз кайсы жерде аймактык ашык жүктөмдөр пайда боло тургандыгын анализдейбиз да, биринчи кезекте так ошол жерлерде жумуштарыбызды аткарабыз. Биздин башкы милдет – абоненттердин туруктуу жана сапаттуу добуштук байланышка, ошондой эле жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернетке  болгон ар дайым өсүп туруучу муктаждыктарын колдой турган сапаттуу байланышты көрсөтүү болуп саналат», - деп билдирди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик операторунун көптөн бери күткөн байланышы кээ бир айылдарда биринчи ирет коюлду. Жалпысынан, аткарылган иштин натыйжасында түйүндүн өткөрө алгычтыгы кеңейди жана Чүй, Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл жана Талас облустарындагы төмөнкү калк отурукташкан пункттарынын тургундары үчүн байланыш сапаты жакшыртылды.

Жалал-Абад облусу

Ызар, Кош-Терек, Кош-Алмурут, Айры-Там, Жаңы-Шаар, Ажек (мурунку Комсомол), Кайырма, Колот, Бүргөндү, Жаңы-Арык, Ууру-Жар, Аримжан, Коминтерн, Киров, Жаңы-Айыл, Түрк-Абад, Боз-Чычкан, Беш-Мойнок, Чангет-Сай (Осмонов атындагы) айылдарда.

Ош облусу

Кара-Суу шаарында, ошондой эле Араван, Савай (Тельман атындагы), Жийде, Ай-Тамга, Додон, Толман, Таш-Булак, Ынтымак, Баглан, Кызыл-Чарба, Большевик, Кызыл-Тоо, Карчабек айылдарында.

Ысык-Көл облусу

Бостери жана Бар-Булак айылдарында.

Талас облусу

Көк-Сай айылында.

Чүй облусу

Төш-Булак, Бөрүлү, Конуш айылдарында.

Бишкек жана Ош шаарларында 4G-каптоону жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

О! мобилдик оператору – жалпы Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.


Тизмеге кайтуу