О! Мобилдик оператору Чүй облусундагы түйүндүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйттү

О! Мобилдик оператору Чүй облусундагы түйүндүн камтуусу менен сыйымдуулугун көбөйттү

07.06.2018

О! Мобилдик оператору жалпы өлкө боюнча жаңы станцияларды активдүү түрдө ишке киргизүүгө аракет жасоодо – жыл өткөн сайын сапаттуу байланыш жана ылдам мобилдүү интернеттин адамдар үчүн өтө эле маанилүү болуп бараткандыгын биз билебиз. Эгер сизге жакын жерде базалык станция пайда болсо – бул сөзсүз түрдө жакшы белги!

Жаңы аймактарды “өздөштүрүүдөн” тышкары, О! Мобилдик оператору калыптанган түйүнүн да бир кыйла бекемдеп алды. 2018-жылдын апрель, май айларында О! операторунун техникалык адистери борбор шаарыбызда жана Чүй облусунда түйүндүн жүзгө жакын жаңы базалык станцияларды орнотушту, муну менен өткөрмөлүүлүк жөндөмү жогорулатылды жана аймактын тургундары үчүн байланыштын сапаты жакшыртылды. Бул өзгөчө смартфондор, планшеттер, модемдер жана роутерлер менен колдонгон О! абоненттерине HD-сапаттагы видеолорду жайлуу көрүүлөрүнө, заманбап оюндарды ойноолоруна, онлайн-медиатекадан музыка угууларына, сырттан билим алууларына жана көнүмүш интернет-сервистер менен тиркемелерди пайдаланууларына шарт түзөт. 

3-жана 4-муундагы түйүндүн сыйымдуулугун көбөйтүү боюнча иштер Бишкек шаарынын микрорайондорунда, борбордук жана чет жакасындагы көчөлөрүндө топтолгон. Чүй облусундагы түйүндү кеңейтүү иштери Токмок, Кемин шаарларында, ошондой эле Кызыл-Туу, Ленинское, Ак-Жол, Сокулук, Шалта, Тельман атындагы, Киров атындагы, Ак-Сай, Кегети, Сайлык, Жаңы-Турмуш, Лебединовка, Садовое, Мыкан, Шабдан, Кароол-Дөбө, Калмак-Ашуу, Тарсуу, Кызыл-Байрак, Төрт-Күл, Крупское, Панфиловское, Чалдовар, Военно-Антоновка, Новопокровка, Новониколаевка, Александровка, Комсомольское, Күнтуу, Орто-Сай, Интернациональное, Боз-Бармак, Үч-Эмчек, Таш-Башат, Горная-Маевка, ГЭС-2, Ала-Тоо, Чүй, Он Бир-Жылга, Кайырма, Маданият, Прогресс, Озерное, Васильевка, Тегирменти, Кайынды, Чалдовар айылдарында, «Горный Ветерок» дачалык кыштагында жана «Акыл-Ордо», «Хабитат», «Ала-Тоо», «Теңдик», «Биримдик» жаңы конуштарында жүрдү.

Абоненттердин активдүүлүгүнүн натыйжасында, интернет-трафиктин көлөмүнүн жыл сайын эки эселенип көбөйүүсүн белгилөө менен О! бардык колдонуучуларга максималдуу жайлуулук менен ылдамдыкты камсыздоого аракет жасап келет. Азыркы учурдагы камтуу картасын o.kg сайтынан тапса болот.

 


Тизмеге кайтуу