О! мобилдик оператору 4G түйүнүнүн аймагын кеңейтти

О! мобилдик оператору 4G түйүнүнүн аймагын кеңейтти

26.09.2017

Калк жашаган ири пункттарда гана эмес, алыскы райондордо да өз тармагын кеңейтип жаткан О! мобилдик операторунун алдына койгон максаты: «Бардык абоненттерди эң заманбап байланыш кызматы менен камсыздоо» болуп саналат.

Ысык-Көл облусунун Каракол шаарындагы жана Бишкек шаарындагы 4G түйүнүнүн сыйымдуулугун жана каптоо аймагын кеңейтүү иштери менен катар, 4G – ылдамдыктар Нарын облусунун Чаек айылынын жана Ош облусунун Араван, Мырза-Аке айылдарынын тургундарына жеткиликтүү болуп калды.

4G кеңейтүү – Дүйнөлүк желеден маалыматтарды алуунун, онлайн-окутуунун, ири файлдар менен иштөөнүн жаңы мүмкүнчүлүктөрү. О! түйүнүнөн 4G-интернет – пайдалануучулардын толук эркиндиги!

4G-интернет менен колдонуу үчүн төртүнчү муундагы технологияларды кармаган мобилдик түзүлүш жана атайын SIM-карта керек. Сиздин мобилдик түзүлүш 4G түйүнүндөгү ишти кармай ала тургандыгын акысыз *460# USSD-талап аркылуу билсе болот. Жаңы абоненттердин баары SIM-карталарды түйүнгө кошулары менен алышат. Мурунку үлгүдөгү SIM-карталардын ээлери жаңыларын О! сатуу жана тейлөө кеңселеринен акысыз алмаштыра алышат. Ошол эле жерде 4G технологияларын кармаган смартфондорду, модемдерди, роутерлерди сатып алса болот. 4G  түйүнүндө иштей турган түзүлүштөр O!Store интернет-дүкөнүнө тапшырык кылуу үчүн да жеткиликтүү.

Талас облусунун Шекер айылында, Нарын облусунун Кызыл-Жылдыз жана Беш-Терек айылдарында, Ысык-Көл облусунун Бостери, Үч-Кошкон, Ак-Шыйрак жана “Марко Поло” пансионатынын аймагында да байланыштын сапатын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлдү.

О! мобилдик оператору – жалпы Кыргызстан боюнча мыкты байланыш.


Тизмеге кайтуу