О! мобилдик оператору өлкөнүн түндүгүндө 4G-каптоосун кеңейтти 05.12.2017

О! мобилдик оператору өлкөнүн түндүгүндө 4G-каптоосун кеңейтти

Ноябрь айында О!мобилдик операторунун 4G каптоо картасында жаңы калк жайгашкан пункттар пайда болду.  Компаниянын техникалык адистери түйүндү тез темпте курууну жана жаңы базалык станцияларды орнотууну улантышууда.  Акыркы LTE стандартындагы гана эмес, мурунку көндүм болгон 2G жана 3G станцияларын орнотуу менен, LTE түйүнүнүн өнүгүүсүнө айрыкча көңүл буруп жатышат. Ошентип, үстүбүздөгү жылдын ноябрь айында 30дан ашуун кошумча жабдуулар колдонууга берилди. Түндүк аймактагы облустардын калк жашаган пункттарынын тургундары чоң шаарлардан алыс болгондуктарына карабастан – музыка угуу, ири көлөмдүү маалыматтарды жүктөп алуу, жакшы сапаттагы видеолорду онлайн көрүү, мессенжерлер жана социалдык тармактар аркылуу баарлашуу сыяктуу бардык көндүм болгон кызматтар менен толук кандуу пайдалана алышат.


Ысык-Көл облусундагы 4G

LTE базасындагы 4G түйүнүн жакшыртуу иштери Чолпон-Ата шаарында жана Чок-Тал айылында жүргүзүлдү.

Талас облусундагы 4G

Талас шаарында, ошондой эле Бакай-Ата жана Покровка айылдарында.

Нарын облусундагы 4G

Жаңы 4G базалык станциясы Баетов айылында орнотулду.

Чүй облусундагы 4G

Түйүндүн камтуу жана сыйымдуулугун кеңейтүү иштери Дмитриевка, Восток, Новопавловка, Жал, Күнтуу, Чоң-Жар, Шалта, Октябрьское, Лубяное, Васильевка, Байтик, Кашка-Суу, Садовое айылдарында жүргүзүлдү.

Бишкек шаарындагы 4G

“Көк-Жар”, “Ак-Ордо”, “Төмөнкү Ала-Арча” жаңы конуштарынын, Пригороднон айылынын, “Совмин” турак шаарчасынын, “Манас” кионтеатры жана “Туңгуч” микрорайонунун тургундары 4G жакшыртылган 4G режиминдеги иштин туруктуулугун сезе алышат.


«Көпчүлүгүбүз үчүн мобилдик интернет жана ал берген мүмкүнчүлүктөр жашообуздун ажырагыс бөлүгү болуп калды. О! түйүнүндөгү трафиктин өсүүсү дагы маалыматтарды жөнөтүү кыргызстандыктар үчүн канчалык маанилүү экендигинин далили десек болот – бир жылдын ичинде О! түйүнүндөгү трафик дээрлик 3 эсеге өстү. Ири шаарлардын тышындагы абоненттерибиз үчүн дагы байланышта болуу жана маселелерин бир клик менен чечүү маанилүү экендигин түшүнүү менен биз 4G каптоого басым жасоо менен борбор шаарда гана эмес, аймактарда дагы өзүбүздүн түйүндү куруу жана өнүктүрүү боюнча комплекстүү программаны ишке ашырдык», - деди О! мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! мобилдик оператору масштабдуу, заманбап жана өнүккөн инфраструктурага ээ. Эң маанилүүсү, ал дайыма жакшыруунун үстүндө. Техникалык адистерибиздин тобу өлкөнүн түштүгүндөгү түйүндү өнүктүрүү боюнча жаңылыктар менен жакында кубантабыз деп турушат. О! түйүнүнүн 4G/3G/2G кесилишиндеги камтуу аймагы тууралуу толук маалыматты  картадан билсе болот.



Тизмеге кайтуу