О! Мобилдик оператору кичи шаарларда жана айылдарда 4G LTE түйүнүн жакшыртууну улантууда

О! Мобилдик оператору кичи шаарларда жана айылдарда 4G LTE түйүнүн жакшыртууну улантууда

10.04.2019

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнү камтыган аймакты кеңейтүүнү улантууда. Төртүнчү муундун ишенимдүү сигналын жакында алыс жайгашкан айылдардагы 90 миңден ашуун кыргызстандыктар сезе алышмакчы.

«LTE түйүнүнүн келиши менен айыл тургундары интернет-сервистердин жардамы менен мамлекеттик кызматтарды алуу, онлайн-сатып алууларды жана банктык операцияларды жүргүзүү, бизнести жүргүзүү же билим алуу боюнча ыкчам маалыматтарга ээ болуу сыяктуу бир катар күнүмдүк иштерин чечип алышат, – деп айтып берди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко. – Аймактардагы түйүндүн камтуусун көбөйтүү – биздин абоненттер үчүн О! байланышын жаңы деңгээлге чыгарууга мүмкүндүк берүүчү пландык ченемдүү, бирок абдан маанилүү иш болуп саналат. Биз бул маселени бир эле убакта бир нече жолдор менен чечип жатабыз. Иштеп жаткан базалык станцияларды модернизациялап жана байланыштын жаңы стандарты менен кошумчалап жатабыз, кээ бир жерлерде жаңы аянтчалардын эсебинен камтуу аймагын кеңейтип жатабыз». Анын айтымында компаниянын келечектеги пландарында аймактардагы 4 G LTE түйүнүн өнүктүрүү максаттардын алдыңкы саптарында турат.

О! Мобилдик операторунун техникалык командасы тарабынан жакында эле жүргүзүлгөн жумуштар бир нече жүз киши жашаган айылдарды да ичине алуу менен калкынын жыштыгы аз болгон пункттарды камтыды:

  • Чүй облусу: Бордунский, Бейшеке, Чолок, Төлөк, Первомайское, Озерное, Шамшы;

  • Ысык-Көл облусу: Липенка, Подгорное, Чоң-Кызыл-Суу, Тосор, Көл-Төр, Ысык-Көл, Кутургу, Ой-Булак, Пристань-Пржевальск;

  • Нарын облусу: Терек, Чолок-Кайың, Кара-Ой, Жаңы-Күч, Кара-Булуң, Куйручук, Түгөл-Сай, Орток, Шамшы, Казан-Куйган, Жылан-Арык;

  • Жалал-Абад облусу: Беш-Бадам, Оогон-Талаа, Бувакол, Чарбак, Каба, Көк-Алма, Түрдүк, Чек, Сасык-Булак, Арал, Бирдик;

  • Ош облусу: Сопу-Коргон, Гагарин атындагы, Мады, Кожо-Арык;

  • Баткен облусу: Бешкент айыл аймагы, Андарак, Искра, Тогуз-Булак, 50 Лет Киргизии.

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! түйүнүнүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

***

О! операторунун 4G LTE-түйүнү– Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер.


Тизмеге кайтуу