О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн камтуусун жана сыйымдуулугун кеңейтүүнү улантууда

О! Мобилдик оператору 4G LTE түйүнүнүн камтуусун жана сыйымдуулугун кеңейтүүнү улантууда

02.02.2021

О! Мобилдик операторунун 4G LTE-түйүнүнүн камтуусун жана өткөрүү жөндөмдүүлүгүн жакшыртуу боюнча пландуу жумуштары дагы 145 калктуу пунктта жүргүзүлдү. Компаниянын техникалык адистеринин башкы милдети интернет-кызматтарды көбүрөөк колдонуу, санариптик сервистерди жана буюмдардын интернетин өнүктүрүү аркылуу ишке ашып жаткан маалыматтарды өткөрүүнүн тездик менен өсүп жаткан шарттарда түйүндүн сыйымдуулугун арттыруу болуп саналат.

Кийинки шаарлар менен айылдардын жүз миңдеген тургундары сигналдын сапатынын жаңыртылган сапатын жана мобилдик интернеттин ылдамдыгын сезе башташат:

  • Чүй облусу: Бишкек, Кант жана Кара-Балта шаарларында, «Манас» аэропортунун аймагында, Восход дачаларында, Ак-Ордо жаңы конушунда, Алмалуу, Жол-Булак, Предтеченка, Ильичевское, Жаңы-Жол, Панфиловское, Гавриловка, Дача-Су, Достук, Сокулук, Первомайское, Дмитриевка, Крупское айылдарында;
  • Ысык-Көл облусу: Кара-Шаар, Көк-Мойнок, Первое, Кабак айылдарында;
  • Нарын облусу: Бирлик, Кара-Суу, Жер-Көчкү, Жанчар (Ак-Кыя), Ара-Кол, Кочкор айылдарында;
  • Талас облусу: Бакай-Ата, Түйтө, Ынтымак, Аманбаев, Кызыл-Адыр, Көк-Сай, Покровка, Үч-Коргон, Кызыл-Жылдыз айылдарында;
  • Жалал-Абад облусу: Кербен, Таш-Көмүр, Жалал-Абад, Кочкор-Ата шаарларында, Совет-Сай, Жети-Кошкон, Тоскоол, Талаа-Булак, Кашка-Терек, Атай, Карл Маркс атындагы, Табылгыты, Чет-Булак, Тотия, Товар-Сай, Фрунзе атындагы, Шекафтар, Ак-Дөбө, Таш-Кутчу, Достук, Ак-Коргон, Кашкалак, Ажек, Баястан, Сайдыкум, Дөш, Хаджир-Абад, Турпак-Коргон, Гумхана, Абдраимов, Базар-Коргон, Шыдыр, Жаңы-Арык, Кум, Комсомол, Бек-Абад, Сафаровка, Сузак, Кызыл-Багыш, Октябрьское, Күмүш-Азиз, Жийде, Масадан, Ырыс, Арал-Сай, Ленинское, Качкынчы, Кызыл-Суу, Орто-Азия, Кызыл-Өзгөрүш, Камыш-Башы, Кош-Таш, Аң-Арык айылдарында;
  • Ош облусу: Ош, Ноокат шаарларында, ошондой эле Талды-Суу, Дароот-Коргон, Кызыл-Туу, Гүлчө, Кызыл-Булак, Шералы, Кең-Жылга, Тогуз-Булак, Кеңеш, Кара-Шоро, Боз-Караган, Арпа-Тектир, Дыйкан-Кыштак, Фуркат, Октябрь, Чагыр, Өзгүр, Жаңы-База, Таштак, Арбын, Барын, Борбаш, Куу-Майдан, Ак-Булак, Жар-Коргон, Гүлстан, Кызыл-Тейит, Дөң-Кыштак, Жаңы-Ноокат, Кызыл-Тейит, Фрунзе, Кыргыз-Ата, Осоавиахим, Миязды, Аю-Тапан, Большевик, Калинин атындагы, Кызыл-Булак, Курбу-Таш айылдарында;
  • Баткен облусу: Кызыл-Кия, Исфана шаарларында жана Алга, Таян, Гайрат, Караван, Жаңы-Жер, Халмион, Кара-Бак, Коргон, Кара-Суу, Чарбак-Сай, Кулунду айылдарында.

«Биздин абоненттердин санариптик адаттары интернетти көбүрөөк колдонууну көздөй ар дайым өзгөрүп турат. Ошондуктан, абоненттерибизге алар көнүп калган эко чөйрөнү түзүү, сервистин жогорку деңгээлин жана мобилдик интернеттин сапатын камсыздоо биз үчүн маанилүү. Эң оор эпидемиологиялык кырдаалда дагы биз сервистин мурунку деңгээлин сактап калдык - окууга, иштөөгө, баарлашууга мүмкүнчүлүк бердик. Мындан ары дагы активдүү түрдө түйүндү курууну уланта беребиз», - деп билдирди О! Мобилдик операторунун техникалык директору Антон Коваленко.

О! Мобилдик оператору – өлкөнүн калкынын 98%ынан ашууну жашаган аймакты камтыган Кыргызстандагы 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жана сыйымдуулугу боюнча лидери. О! түйүнүнүн өнүгүүсү тууралуу үзгүлтүксүз жаңылыктар менен камтуу картасы www.o.kg сайтында жеткиликтүү. FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте»YouTube же Twitter социалдык тармактарда жеке билдирүүлөр аркылуу байланышса болот. Социалдык медиадан тышкары О! абоненттерин күнү-түнү колдоо кызматы дагы жеткиликтүү. WhatsApp: + 996 705 700 700, Telegram: @o_mobile_operator_bot жана http://www.o.kg/kg сайтында онлайн-чат. 

 

 


Тизмеге кайтуу