О! Мобилдик оператору активдүү түрдө 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүдө

О! Мобилдик оператору активдүү түрдө 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун кеңейтүүдө

27.05.2019

О! Мобилдик оператору туристтик сезондун ачылышына карата 4G LTE түйүнүнүн сыйымдуулугун активдүү түрдө кеңейтип жатат. Кайсы гана турист болбосун, анын маршруту Бишкектен башталат эмеспи, ошондуктан кеңейтүү жумуштарынын эң чоң бөлүгү баш калаа менен Чүй облусуна туура келди. Бирок: О! операторунун техникалык адистеринин командасы негизги жумуштары Ысык-Көл облусунун аймагына топтолду.

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок, Кант, Кемин шаарларында, «Чуңкурчак» тоо-лыжа базасында, ошондой эле Ивановка, Новопокровка, Ивановка, Дача-Су, Жал айылдарында. Аламүдүн жана Сокулук райондорундагы Чоң-Жар, Кашка-Суу, Байтик, Көк-Жар, Кара-Жыгач айылдарына жакын жайгашкан дачалардын аймактарында О! түйүнүнүн камтуусунун жакшы экендигин баса белгилесе болот. Мындан тышкары, Чоң Кемин өрөөнүндө узундугу 20 километр болгон 4G LTE түйүнүнүн туруктуу камтуусу уюштурулган;

  • Ысык-Көл облусу:  Чолпон-Ата, Шопоков, Каракол шаарларында, Ак-Суу шаарчасында, ошондой эле Кутургу, Ой-Булак, Тамга, Кичи-Жаргылчак, Бостери, Ананьево, Сары-Ой, Булан-Соготту (мурунку Комсомол) айылдарында;

  • Жалал-Абад облусу: Токтогул, Кочкор-Ата, Көк-Жаңгак шаарларында, ошондой эле Ак-Там, Жапа-Салды, Көтөрмө, Кудук-Сай, Орто-Азия, Гумхана, Кара-Күңгөй, Арпа-Тектир, Толук, Ноот, Сафед-Булон, Базар-Коргон, Дмитриевка, Таран-Базар айылдарында;

  • Ош облусу: Ош, Кара-Суу шаарларында жана Жаңы-Базар, Кара-Кулжа, Бел, Гюльстан, Кызыл-Тейит, ВЛКСМ айылдарында;

  • Баткен облусу: Исфана шаарында, ошондой эле Кольцо, Бужум, Чоң-Талаа, Интернациональное айылдарында.

«О! түйүнү эң заманбап жабдууларда иштейт. Биз абоненттерибиздин санынын тынымсыз өсүүсүнө карабастан, кардарларыбыздын сапаттуу жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернеттен пайдалануу мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болуусу үчүн дайыма аракеттебиз», – деп белгиледи О! Мобилдик операторунун техникалык директору О! Антон Коваленко.

О! Мобилдик операторунун 4G LTE түйүнүнүн жалпы өсүү темпин сандык көрсөткүчтөр тастыктайт – 2019-жылдын I кварталында эле 4G базалык станцияларынын жалпы саны Кыргызстандын калкынын 94%ынан ашуун тургундары жашаган аймакта О! операторунун жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясы жеткиликтүү болгон деңгээлге өстү.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн 4G/3G/2G стандарттарындагы толук камтуу картасы менен www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн таанышса болот. Кыргызстандын башка облустарындагы байланыш сапатын жакшыртуу жана ылдамдыктарын көбөйтүү боюнча жаңылыктарды «О! түйүнүнүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.


Тизмеге кайтуу