Кыргызстанда турист кайсы мобилдик түйүндү тандаса болот?

Кыргызстанда турист кайсы мобилдик түйүндү тандаса болот?

14.06.2019

Кыргызстан турист-меймандарды тосконго даярданып жатканда О! Мобилдик оператору алардын баарын мыкты байланыш жана жогорку ылдамдыктагы 4G LTE интернети менен камсыз кылууга кам көрүүдө. 

Өлкөнүн түштүгүндөгү жумуштар менен бир эле убакта О! операторунун техникалык адистери Ысык-Көл облусунун курорттук аймагындагы сыйымдуулукту кеңейтүү боюнча үзгүлтүксүз иштерди жүргүзүп жатышат. Ысык-Көл акваториясынын жалпы аймагын камтыган О! операторунун 4G интернетинин жардамы менен сүрөттөрдү, видеолорду жүктөө, түз эфирлерди алып баруу, сторис тартуу оңой болот.

Жүргүзүлгөн жумуштар популярдуу массалык эс алуу жайларында туристтерди гана эмес, айланадагы айыл тургундарын да жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет менен камсыз кылуучу байланыш объекттеринин сыйымдуулугун кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Эми иштеп жаткан станцияларга кошумча катары жыйырмадан ашуун базалык станция Ысык-Көл облусунун Балыкчы, Чолпон-Ата, Каракол шаарларын, ошондой эле Жети-Өгүз, Кара-Талаа, Кажы-Саз, Корумду, Тору-Айгыр, Григорьевка, Ананьево, Көк-Дөбө, Чет-Байсоорун, Темировка, Корумду, Бактуу-Долоноту, Чырпыкты, Сары-Камыш, Кош-Көл, Тоң, Большевик, Кара-Коо, Тамчы, Григорьевка, Чок-Тал, Саруу айылдарын тейлейт.

Туристке О! оператору менен абдан ыңгайлуу болот, анткени:

1. О! Мобилдик оператору – мобилдик сервистердин толук экотутумун түзгөн жана активдүү түрдө өнүктүргөн оператор болуп саналат. Алар өз кезегинде эң башкы нерсени – кардарлардын убактысын үнөмдөйт жана жашоосун жеңилдетет. Башка тармактардагы компаниялар менен өнөктөштүктө инновациялык өнүмдөрдү сунуштайт:

  • O!TV – көңул ачуулар үчүн Кыргызстандагы №1 мобилдик тиркеме! О! түйүнүнүн камтуу аймагында туруп 150гө чейинки лицензиондук рейтингдик ТВ-каналды көрүүгө мүмкүн болгон тиркеме;
  • «Мой О!» – бул тиркеменин жардамы менен гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыктарын текшерүү, керектүү кызматтарды кошуу же тарифти өзгөртүү, 24/7 форматында консультантка суроо берүү; тиркемеден чыкпай туруп «О!Деньги» капчыгы аркылуу балансты дароо толуктоо; «Народный» жана Globus супермаркеттердин түйүнүндө сатып алууларды жүргүзүү; 300дөн ашуун кызматтарды төлөө жана Бишкек шаарында акысыз жеткирүү менен смартфонду онлайн сатып алууга мүмкүн болгон O!Storе интернет-дүкөнүндө соода жүргүзүү ишке ашырылат.

2. О! – Кыргызстандагы 4G/LTE камтуу жана сыйымдуулугу боюнча лидер. Кеңири тилкелүү мобилдик интернет болжол менен жалпы өлкөнүн калкынын 95%ын түзгөн 6 миллионго жакын кыргызстандыктарга жеткиликтүү.

3. Мындан тышкары О! Мобилдик оператору өнүккөн O!Store тейлөө тармагына ээ – бул тармак бардык ири шаарлардан жана райондук борборлордо жайгашкан бүт өлкө боюнча 80ден ашуун филиалдарын камтыйт. Филиалдардын ар биринде мобилдик түйүнгө гана кошулбастан, смартфон менен керектүү аксессуарларды да сатып алса болот.

4. Акысыз байланыш каналдары аркылуу кайтарым байланышты алуу абдан оңой. Бул үчүн оператордун FacebookInstagram«Одноклассники»«ВКонтакте», YouTube же Twitter социалдык тармактарындагы расмий баракчаларына катталыңыз.

АНДЫКТАН…

Кыргызстанга саякатка бара жатып, лидерден 4G сигналын жандыр!

О! түйүнүнүн камтуу картасын www.o.kg сайтынын Түйүн камтыган аймак бөлүмүнөн көрүңүз. Кыргызстан боюнча байланыш сапатын жакшыртуунун мезгилдүү жаңылыктарын «Түйүндүн өнүгүүсү» бөлүмүнөн табасыз.

«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан жеткиликтүү кызматтар тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары: №2021030817, №3022030817.


Тизмеге кайтуу