О! мобилдик операторунан 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу ѳсүүдѳ. Дагы 103 калк отурукташкан пункт

О! мобилдик операторунан 4G LTE камтуусу жана сыйымдуулугу ѳсүүдѳ. Дагы 103 калк отурукташкан пункт

18.11.2020

Ѳткѳн айда О! мобилдик операторунун техникалык адистери тѳртүнчү муундагы түйүндүн камтуусу менен сыйымдуулугун кыйла кѳбѳйтүштү. О! мобилдик операторунан 4G LTE түйүнүнүн камтуусу жакшыртылган аймакта он миӊдеген кыргызстандык жашайт жана жергиликтүү калк түйүндүн артыкчылыктарынан пайдалана алат. Масштабдуу иш тѳмѳнкү калктуу жерлерде аткарылды:

  • Чүй областы: Бишкек, Кара-Балта шаарлары жана Шалта, Интернациональное, Чолпон, Кеӊ-Булуӊ, Первомайское, Ленин, Талды-Булак, Кара-Ой, Кѳк-Жар, Биринчи май, Петровка, Пригородное айылдары;

  • Ысык-Кѳл областы: Чолпон-Ата шаары жана Бостери, Тору-Айгыр, Сары-Ой, Чырпыкты, Чоӊ Сары-Ой, Ананьево, Чок-Тал, Кош-Кѳл, Григорьевка пристаны айылдары, Бактуу-Долоноту айылындагы «Каприз» эс алуу борбору;

  • Талас областы: Талас шаары, Атай Огонбаев, Чыйырчык, Үч-Эмчек айылдары;

  • Нарын областы: Ак-Тал, Баетов, Калинин, Ак-Муз, Ѳзгѳрүш, Талды-Суу, Кара-Булуӊ, Достук, Алыш, Сегизинчи март, Жергетал айылдары;

  • Ош областы: Ош, Ѳзгѳн, Кара-Суу шаарлары, ошондой эле Ѳзгүр, Гүлчѳ, Мырза-Аке, Бабыр, Мичурин, Бакмал, Бексе-Жол, Дыйкан, Мамажан, Зарбалик, Агартуу, Телейкен, Ак-Шор, Жеке-Мисте, Найман, Сары-Таш, Хауз, Кесов, Арап, Тепе-Коргон, Кара-Кулжа, Кызыл-Мехнат, Кашгар-Кыштак, Ѳзгүр, Папан, Чычкан-Кол, Жар-Башы, Ак-Терек, Коммунист (Жаӊы-Ыштак), Кызыл-Байрак, Октябрь, Чагыр, Таш-Арык, Жар-Ооз, Кызыл-Ордо, Каратай, Куршаб, Адыр айылдары;

  • Жалал-Абад областы: Жалал-Абад жана Кербен шаарлары, Мундуз, Ала-Бука, Сапалак, Базар-Коргон, Сузак, Таш-Кутчу айылдары;

  • Баткен областы: Чет-Кызыл, Бай Кара-Бак, Андарак, Валакиш, Олагыш, Кулду, Кыргыз-Кыштак, Кызыл-Бел, Чек, Таян, Ак-Арык, Маданият, Бешкент, СССРдин 50 жылдыгы айылдары.

Жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет бизнес, билим берүү, аралыктан медициналык кеӊеш алуу, административдик кызматтарды пайдалануу жана башка кѳптѳгѳн нерселерге жаӊы мүмкүнчүлүктѳрдү камсыздайт. Бүгүнкү күндѳ О! мобилдик операторунан 4G LTE түйүнүн ишенимдүү алган аймактарда Кыргызстан калкынын 98%дан кѳбү жашайт. О! мобилдик операторунун LTE түйүнү ири областтык борборлорду гана эмес, мобилдик байланыштын болуусу олуттуу социалдык мааниге ээ алыскы аймактарды да камтыйт. 

Камтуу картасы жана О! түйүнүнүн ѳнүгүүсү жѳнүндѳ регулярдуу жаӊылыктар www.o.kg сайтында.


Тизмеге кайтуу