Акыркы жаңылыктар
О! Мобилдик оператору бүткүл дүйнѳ жүзү боюнча ѳзүнүн роумер абоненттери үчүн жаӊы түйүндѳрдү ачуу ишин улантат. Мунун натыйжасында алар жеке номерлерин алмаштырбастан, жакындары менен ар дайым байланышта боло алышат.
Корпоративдик жана жеке абоненттер үчүн:
4G-роуминг эми кийинки ѳлкѳлѳрдѳ да иштеп жатат: Швеция (Tele2), Мальта (Vodafone), Нидерланды (Vodafone), Италия (Vodafone), Ирландия (Vodafone), Түркия (Vodafone), Түштүк Африка (Vodacom);
Добуштук жана 4G-роуминг эми Танзания (Vodacom) менен Непалда (Ncell) аракетте.
Корпоративдик абоненттер үчүн:
Добуштук жана 4G-роуминг эми Мьянманын Telecom International түйүнүндѳ аракетте;
Добуштук жана интернет-роуминг эми Ѳзбекстандын Uzbektelecom түйүнүндѳ аракетте;
4G-роуминг Канаданын Telus түйүнүндѳ жана Венгриянын Vodafone түйүнүндѳ ачылды.
Жеке абоненттер үчүн:
О! саякатчылар үчүн мобилдик баарлашууну максималдуу түрдѳ пайдалуу жана ыӊгайлуу кылуу аракетинде. Дүйнѳнүн бардык жерлеринен акысыз техникалык колдоо сиздин жайлуулугуӊуз үчүн иштейт. Роумингдеги абоненттер атайын командаларды терип, бардык маселелерди акысыз чече алышат. Чет ѳлкѳгѳ чыккан учурда Wi-Fi колдонуу мүмкүндүгүнѳ ээ болбогондо же балансыӊызда каражат калбай калган учурда дагы жакындарыӊыз сизди жоготуп албайт. Роумингде акысыз SMS-билдирүүлѳрдүн жардамы менен сизде бардыгы жайында экендигин жакындарыӊызга кабарлай аласыз.
Роуминг кызматынан пайдалануу үчүн чет ѳлкѳгѳ чыгаар алдында добуштук байланышты кошуу максатында - *996# командасын, роумингде интернет колдонуу үчүн - *997# командасын терүү зарыл. Роумингде О! мобилдик байланыш кызматтарын берүү шарттары менен компаниянын сайтында «Роуминг» бѳлүмүнѳн таанышууга болот.
Түркиядан Кытайга чейин – О! операторунан роумингде пайдалуу интернет-топтомдор
«Переходи на О! Комбо» – 200+ каналды O!TVден акысыз көр
Жай, Ысык-Көл – О! белекке интернет жана сувенирлерди берет
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Бардык жаңылыктар