Көңүл бургула: О! Кеңселери жана O!Store дүкөндөрү дем алышсыз иштейт

03.11.2017

О! мобилдик оператору кыргызстандыктарга дем алыш күндөрүн жакшы өткөрүүнү каалайт жана кардарлардын ыңгайлуулугу үчүн бүт өлкө боюнча O!Store дүкөндөрүнүн түйүнү жана компаниянын сатуу жана тейлөө кеңселери штаттык шарттамда иштей тургандыгын жарыялайт. Ошондуктан, эгерде сиз смартфон сатып алууну пландаштырган болсоңуз, же О! прогрессивдүү түйүнүнө кошулууну кааласаңыз, кийинкиге калтыруунун кажети жок.

«Биз “24/7” стратегиясын ишке ашырууну улантуудабыз жана биздеги тейлөөнү маскималдуу түрдө ыңгайлуу кылууга аракеттенип жатабыз.Биздин көпчүлүк бөлүмдөрүбүз эчактан бери эле дем алышсыз иштейт. Биз бүткүл Кыргызстан эс ала турган бул дем алыш күндөрүндө да кеңселерибиздин түйүнү кардарлар үчүн ачык экендигин кубануу менен билдиребиз»,– деди О! мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко. 

Компания ар бир кыргызстандыктын жашаган жерине карабастан, телекоммуникациялык кызматтардын бардык түрлөрүнөн пайдалануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуусу жана өз үйүнөн же иш ордунан алыс эмес жерден кеп-кеңештерди алуусу үчун өз кардарларына жакын болууга аракет кылат.

24/7 форматындагы мобилдик байланышка тиешелүү бардык суроолор боюнча компаниянын кардарларды ыкчам тейлөө тобу менен төмөндөгү ресурстар аркылуу байланышса болот:

Байланыш кызматтарын  

  • lk.o.kg – жеке кабинет;

  • «Мой О!» тиркемеси аркылуу өз алдынча башкарууга болот.


О! мобилдик оператору 24/7 байланышта.

 

 


Тизмеге кайтуу