1 ЖЫЛ бою акысыз чалуулар менен интернетке кантип ээ болоруңузду билип алыңыз!

16.11.2017

О! мобилдик оператору өз кардарларын жагымдуу акциялары жана белектери менен кубантып келет. Бул жолу кимде ким O!Phone 4G фирмалык смартфонун сатып алса, жыл бою акысыз мобилдик байланыштын жана интернеттин ээси болуп калат.

Акысыз топтом сатып алган учурдан тартып жыл бою жума сайын О! түйүнүндө 100 мүнөттү жана күн сайын максималдуу ылдамдыктагы 100 мегабайт интернетти камтыйт.

О! компаниясы билдиргендей, O!Phone 4G смартфону сатыкка чыккандан баштап, бардык популярдуу мессенжерлерде кат жазышуу, социалдык тармактарда баарлашуу, сүйүктүү музыканы угуу, мобилдик оюндарды ойноо, фото жана видео тартуу сыяктуу мобилдик байланыштын артыкчылыктарын пайдалануу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган ишенимдүү жана саркеч смартфон экендигин тастыктады. Болгону 4990 сом баасы менен + 1 ЖЫЛ акысыз чалуулар менен интернеттин болушу да анын өзгөчөлүктөрүн ого бетере арттырды.  

Мындан тышкары, смартфонду сатып алганда сизге 1 жылдык тейлөө кепилдиги берилет, бул болсо түзүлүштү оңдоонун же алмаштыруунун баары акысыз дегенди билдирет.

Бул сунуштан жалаң гана О! мобилдик операторунун абоненттери пайдалана алышат, бирок О!нун абоненти болуу опоңой. Жапжаңы смартфон менен бирге бул оператордун SIM-картасын Кыргызстандын бардык аймагында жайгашкан сатуу жана тейлөө кеңселеринин биринен же O!Store дүкөндөрүнөн  сатып алсаңыз болот. Маселени андан да жеңилдетип, смартфонду үйгө жеткирүү үчүн интернет-дүкөнүнүн www.ostore.kg сайтынан же 0705 007 000 телефону (О! абоненттери үчүн чалуу акысыз) аркылуу тапшырык кылсаңыз болот. Акция тууралуу кененирээк www.o.kg сайтынын Акциялар бөлүмүнөн биле аласыз.

Шашылыңыздар, акция боюнча смартфондордун саны чектелүү.

 


Тизмеге кайтуу