Байланыш кызматын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишимге ѳзгѳртүүлѳрдү киргизүү тууралуу билдирүү

24.06.2019

Урматтуу абоненттер,

сиздерге 2019-жылдын 9-июлунан тартып Байланыш кызматын кѳрсѳтүү жѳнүндѳ келишимге тѳмѳнкү ѳзгѳртүүлѳр киргизилгендиги тууралуу билдиребиз:

  • Массалык жѳнѳтмѳ – Оператордун 10 жана андан ашык абонентине жана/же башка байланыш Операторлорунун абоненттерине ар кандай маалыматты таратуу.

  • Абонент Оператор тарабынан байланыш түйүнү аркылуу таратылган жарнамалык мүнѳздѳгү маалыматтарды алууга макулдугун берет. Абонент бул Келишим аркылуу аталган макулдуктун аракетке кирүү мѳѳнѳтү Келишимге кол коюлган күндѳн тартып баштала тургандыгы жана Келишим күчкѳ ээ болгон мѳѳнѳт боюнча улана тургандыгы менен таанышты. Абонент Оператордун кеӊселеринин биринде жазуу жүзүндѳ арыз тапшыруу жолу менен мындай макулдукту жокко чыгарууга укуктуу.

  • Абонент Оператор тарабынан кѳрсѳтүлгѳн байланыш кызматтарын кандайдыр бир жарнамалык кампанияларды, сынактарды, концерттерди, викториналарды, сурамжылоолорду, массалык жѳнѳтмѳлѳрдү (коммерциялык ишмердүүлүккѳ байланыштуу белгилерди камтыгандар кошулуп) жана башка ушул сыяктуу иш-аракеттерди Оператор менен жазуу жүзүндѳ макулдашуу жүргүзбѳстѳн ишке ашыруу максатында, ошондой эле бардык байланыш операторлорунун түйүндѳрүнѳ, Интернет-телефонияга ж.б. шлюздарды орнотуу үчүн колдонбоого милдеттүү.

  • Оператор Абоненттин ѳздүк эсебинин балансындагы сумма 30 000 (отуз миӊ) сомго жеткенде, Абонентке алдын-ала кабар бербей туруп, Абонент-физикалык жактын ѳздүк эсебинин балансын толуктоого арналган акча каражаттарын кабыл алууну бир жактуу тартипте токтото алат.

  • Оператор Абоненттерге жарнамалык мүнѳздѳгү маалыматтар кошулуп, тѳмѳнкүдѳй сурап-билүү кызматтарын акысыз жана күнү-түнү берип турууга милдеттүү:

а) Байланыш кызматтарынын тизмеси жана баасы, Түйүндү тейлѳѳ аймагы тууралуу маалымат;

б) Абоненттин ѳздүк эсебинин абалы жана байланыш кызматтарын тѳлѳѳ боюнча карызы тууралуу маалымат;

в) Абоненттен Байланыш кызматтарынан пайдалануусуна тоскоолдук жараткан техникалык бузулуулар жѳнүндѳ билдирүүнү кабыл алуу;

г) телематикалык байланыш кызматтарын колдонуу үчүн абоненттик жабдуунун ырастоолору боюнча маалымат;

д) акы тѳлѳнүүчү жана акысыз кѳрсѳтүлѳ турган маалыматтык-сурап билүү кызматтары жѳнүндѳ;

е) оператордун реквизиттери, жайгашкан жери жана оператордун кеӊсеси менен филиалдарынын иштѳѳ режими, ыйгарым укуктуу кишилердин кассаларынын жайгашкан жерлери тууралуу;

ж) абоненттик түзүлүштү Оператордун байланыш түйүндѳрүндѳ колдонуу мүмкүнчүлүгү жѳнүндѳ.

 


Тизмеге кайтуу