Акыркы жаңылыктар
О! мобилидк оператору өз абоненттерине Россияда интернет-роуминг кызматтарына болуп көрбөгөндөй төмөнкү бааларды сунуш кылат. 14-ноябрдан тартып О! мобилдик операторунун абоненттеринеTELE2 түйүнүндө (Россия) мобилдик интернетти тарифтештирүү үчүн арзан тарифтештирүү жеткиликтүү - 1Мб интернет-трафиктин баасы болгону 1 сом.
«Бүгүнкү күнү Россия - биздин жарандар эң көп бара турган өлкөлөрдүн бири. Биз роумингдеги кызматтардын баасы үйдөгү түйүн ичиндеги көнүп калган баалардан өтө көп айырмаланбагандай кылууга аракет кылдык. Эми TELE2 түйүнүндө мобилдик тиркемелерди, мессенджерлерди жана социалдык тармактарды эң пайдалуу шарттарда колдонууга болот», – деп белгиледи О! мобилдик операторунан интерконнект жана роуминг кызматынын жетекчиси Роман Литвинов.
«Интернет-роуминг» кызматы мобилдик интернетти SIM-картаны алмаштырбастан, Кыргызстандын чегинен тышкары да колдонууга мүмкүндүк берерин эске салабыз. Кызматы кошуу үчүн биздин өлкөдөн чыгып кетерден мурда *997# буйрутмасын терүү жетиштүү. Добуштук роумингди кошуу үчүн - *996# терүү керек.
Тарифтер жана кызматтар жөнүндө кенен маалымат компаниянын расмий сайтынан www.o.kg билсеңиздер болот.
О! мобилдик оператору – саякаттап жүрсөңүз да байланышта болуңуз!
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Honor Кыргызстанда жаңы смартфондорун тартуулады: O!Store'до сатуулар башталды
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
Бардык жаңылыктар