Күндүн саны: Кыргызстандын 95%ынан ашуун калкы О! Мобилдик операторунун 4G түйүнүн колдоно алышат.

19.08.2019

О! Мобилдик оператору жаңы базалык станцияларды ишке киргизүүнү жана мурун иштеп жаткандарды модернизациялоону улантууда. Азыркы учурда О! операторунун 4G технологиясы боюнча жогорку ылдамдыктагы мобилдик интернет кызматы Кыргызстандын 95%ынан ашуун калкына жеткиликтүү болуп калды.

Өткөн жумада аткарылган жумуштар иштеп жаткан LTE- түйүнүнүн өзгөчөлүктөрүн жакшыртууга шарт түздү – анын өткөрүмдүүүлүк жөндөмү көбөйтүлдү жана маалыматтарды берүү ылдамдыгы жогорулатылды. Интернет түйүнүнө кирүү ылдамдыгын көбөйтүү компаниянын абоненттерине төртүнчү муундун жогорку ылдамдыктагы интернети менен жайлуу пайдаланууларына, ошондой эле "оор" контентти жүктөөлөрүнө, фильмдерди онлайн көрүүлөрүнө жана видеочалууларды жүргүзүүлөрүнө шарт түзөт.

Жаңыртылган түйүн төмөндөгү калктуу конуштарды камтыйт:

  • Чүй облусу: Бишкек, Токмок шаарларында, Аламүдүн районундагы Илимдер академиясынын аймагында, Кашка-Суу, Гроздь, Бирдик, Ийри-Суу, Беловодское айылдарында;

  • Ысык-Көл облусу: Каракол, Чолпон-Ата, Балыкчы шаарларында жана Өрнөк, Ак-Суу (Теплоключенка), Бостери, Булан-Сөгөттү (мурунку Комсомол), Ак-Булуң, Саруу, Тамчы, Григорьевка, Ананьево, Сары-Ой.

О! Мобилдик оператору – 2014-жылы биринчилерден болуп кыргызстандыктарга 4G LTE стандартындагы жогорку ылдамдыктагы маалыматтарды өткөрүү боюнча эң жаңы технологиялар менен колдонуу мүмкүнчүлүгүн берген өлкөнүн ири оператору болуп саналат.

Лидерден 4G сигналын күйгүз!

О! түйүнүнүн камтуу картасы www.o.kg сайтында "Түйүн камтыган аймак" бөлүмүндө жеткиликтүү.


Тизмеге кайтуу