O!Store интернет-дүкөнүнөн соода кылуунун 10 башкы себеби

25.09.2017

Бүгүнкү күндө O!Store интернет-дүкөнү өлкөдөгү эң ири дүкөн болуп саналат. Сиздерге www.ostore.kg интернет-дүкөнүнөн соода кылуунун пайдалуу жана ыңгайлуулугун көрсөткөн 10 себеп менен таанышууну сунуштайбыз. 

  1. Абдан ыңгайлуу жана убакытты үнөмдөйт. Кезек күтпөйсүз жана жактырып калган буюмду шашпай тандоого болот. Буга кошумча, дүкөн жуманын 7 күнүндө иштейт (иш убактысы : 09.00дөн 21.00гө чейин) Жагып калган смартфондун же аксессуарларынын тапшырыгын үйдөн эле берсеңиз болот, буюмуңуз бир сааттан кийин колуңузга тиет (аймактарда күтүү убактысы узагыраак – тапшырык берип жатканда тактап алыңыз);

  2. Чыгымдар азаят. Дүкөнгө жетүү үчүн маршруткага же таксиге акча төлөштүн кажети жок, анын үстүнө жолдон кереги жок нерсени да сатып ала тургандыгыңызга шек жок; 

  3. Акциялар. Алар O!Store интернет-дүкөнүндө ар дайым болот! Биз өз кардарларыбызды кубантууну жакшы көрөбүз. Мисалы, дал азыр O!Store интернет-дүкөнүнөн 2017-жылдын HUAWEI Y смартфондорунун бирин сатып алганыңызда балансыңыз 600 сомго чейин  толукталат, ал эми  фирмалык O!Phone смартфонун тандаганыңызда, балансыңыз 300 сомго чейин толукталат. Бонустарды О! түйүнүнүн ичиндеги байланыш кызматы үчүн сарптасаңыз болот.

  4. Бөлүп төлөө. Бул жерде да сизди күтүлбөгөн жагымдуу сыйлык күтөт : каалаган смартфонду насыяга алганыңызда байланыш кызматтарына 50%  арзандатуу. Болгону паспорт  жана айлык акы тууралуу маалымкат керек;

  5. Флагмандык смартфондор. iPhone 8'ге алдын ала тапшырыкты жол-жоболоо аркылуу же сатыктагы Samsung телефондорунун бирин тандап алуу менен, жаңы чыккан үлгүлөрдүн алгачкы ээлеринен боло аласыз;

  6. Дайыма жаңылануу. O!Store интернет-дүкөнү өз ассортиментин кеңейтүү менен бирге, улам жаңы нерселерди үзгүлтүксүз сунуштап келет.  Бүгүнкү күндүн жаңылыгы  – Casio жапон брендинин атактуу кол сааттарынын үлгүлөрүнүн кеңири тизмеги;

  7. Кеңири асссортимент. Товарлардын түрү абдан көп жана бизге көндүм дүкөндөрдөн кем калышпайт. Ар турдүү кирешеге ылайык смартфондордун түрлөрү тандоого коюлган;

  8. Эң төмөнкү баалар+сапат кепилдиги. Интернет-дүкөн түздөн-түз өндүрүүчү менен кызматташат, ошондуктан товардын 100% сапатын жана кепилдик мөөнөтү боюнча сервистик тейлөөнү камсыздайт;

  9. Көрүнүктүү жана толук маалыматка ээ. Ар бир товар тууралуу кыска жана толук мүнөздөмө берилген, виртуалдык түрдө буюмду ар тарабынан изилдеп алыш үчүн видео маалыматты да көрсө болот. Сыпаттоодон башка эрежеге ылайык үлгүнүн ар түрдүү ракурстан тартылган фотосүрөтү да бар, ошондой эле товардын баасы көрсөтүлөт;

  10. Адистердин кесипкөй кеңештери сиздин тандооңузга көмөкчү болот. Буюм тууралуу же башка кызыктырган маалымат боюнча кеңешти  0705 007 000 телефонуна чалуу (О! абоненттери үчүн чалуу бекер), же O!Store интернет-дүкөнүнүн сайтындагы онлайн-чатка жазуу аркылуу ала аласыз.


Тизмеге кайтуу