О! мобилдик операторунун байланышчылары Бишкек-Ош унаа жолунун көчкү коркунучу бар бөлүгүн байланыш менен камсыз кылышты

09.10.2017

О! мобилдик операторунун адистери биздин республиканын стратегиялык маанилүү транспорттук артериясы болуп саналган Бишкек-Ош унаа жолунун Чычкан капчыгайынын аймагындагы татаал телекоммуникациялык объектинин – байланыш линиясынын курулушунун аякташы тууралуу маалымдашты. Күн сайын бул магистраль аркылуу 2000 автоунаа өтөт. Долбоор "Жаан-чачындуу учурду өткөрүү жана өзгөчө кырдаалдарды алдын алуу чараларын жарандык коргоого мамлекеттик тутумдун даярдыгы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 2-июнундагы №13-1893 протоколдук чечимин аткаруунун алкагында ишке ашырылды.

Абдан маанилүү

Курулуштун негизги бөлүгү калк жашаган аймактан алыс жерде ишке ашты. Муну менен катар, кар көчкүлөр, селдер жүрө турган жана таштардын кулоосунун айынан жол кырсыктары көп боло турган, тайгактыгы жогорку деңгээлдеги унаа жолдун маанилүү бөлүгүн байланыш менен камсыз кылып турду. Бул бөлүктөгү байланыш – абдан керектүү маанилүү инфраструктура болуп саналат. Бүгүн О! мобилдик операторунун арты менен өзгөчө кырдаалдык абал пайда болгон учурда, куткаруу кызматтары менен өтө шашылыш байланышууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Байланыш адам өмүрүн сактап калуу маселеси орун алган көп учурда тутумдардын ыкчам аракеттенүүсүнүн убактысын азайтууга шарт түзөт!

Даярдоо иштери

О! мобилдик оператору 2015-жылдын жайында базалык станциянын ордун аныктоо боюнча жумуштар аткарылгандан кийин, ошондой эле КР Мамлекеттик маалыматтык технология жана байланыш комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш кызматы* жана КР ӨКМ** менен биргелешип курулуш этаптарын иштеп чыккандан кийин курулуш-монтаж иштерине киришти.

Компания тарабынан сунушталган байланыш линиясын куруу стратегиясы бардык керектүү талаптарга жана алдыга коюлган милдеттерге жооп берет. Мындай долбоор үчүн жакшы материалдык-техникалык база, ишбилги адистер жана сөзсүз түрдө энтузиазм керек эле. Мунун баарын О! мобилдик оператору камсыз кылды. Компаниянын техникалык адистери жайгашкан жердин шарттарына ылайык байланыш объектилерин электр жарыгы менен камсыз кылуу көйгөйлөрүн чечүүнүн уникалдуу жолун сунушташты.

Жаан-чачындар коркунучтуу эмес!

Жумуштар оор географиялык жана климаттык шарттарда күнү-түнү жүрүп жатты. Капчыгайдын тик боорлорунан чокусуна чейин жүздөгөн атайын темир жабдыктар көтөрүлүп чыкты. Аттардын күчүн колдондук, бирок көбүнчө техника жана курулуш материалдарын жүктөнүп алып жөө чыгууга туура келди. Ал эмес жайында, өчөшкөнсүп, түштөн кийин күн ачык болуп турса дагы, нөшөрлөп жамгыр жаап кирет. Курулушчуларыбыздын суук мезгилдердеги кубаттуу шамалдар жана тоңуп калган була-оптикалык кабелдер менен иштегендерин айтпай эле койолу. Көчкүлөрдү аткандан кийин жарылбай калган снаряддар да коркунучтарга кошумчаланды. Буга карабастан, оператор менен ӨКМ биримдиктүү ишмердүүлүгү бардык коркунучтуу бөлүктөрдү өтүүгө көмөк берди. Мындай татаал долбоорго катышкан байланышчылардын кайраттуулугуна жана чечкиндүүлүгүнө суктанып бүтө албайсың.

Байланыш бар!

Былтыр эле автоунаа ээлери Чычкан дарыясынын боюндагы ашууларда О! түйүнүнүн сигналы мыкты тартып жаткандыгы тууралуу белгилешкен эле.  Бирок былтыркы кыш мурда орнотулган жабдуулар үчүн оңой олтоң өткөн жок. Температуранын төмөндөшү, шамалдар жана кардын жаашы таасирин тийгизбей койгон жок. Була-оптикалык кабелди жерге көмүү аркылуу гана алардын асылып калышын жана үзүлүүсүн токтото тургандыгы талашсыз болуп калды.  Байланыш линиясынын курулушунун экинчи этабы 2017-жылдын сентябрь айында аяктады. Үзгүлтүксүз электр жарыгы менен камсыздоонун үчилтик тутуму каралган. Табигый кырсык тоолордун чокусундагы бардык секилерди талкалап кеткен учурда дагы куткаруучу чалууну жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк бере турган спутник орнотулган. Объектинин социалдык маанисин эске алуу менен, О! мобилдик оператору рыноктогу өнөктөштөрүнө RAN Sharing технологияларына ылайык мобилдик байланыштын инфраструктурасын биргелешип колдонуу мүмкүнчүлүгүн сунду. Ошентип, унаа жолдун бул бөлүгүндө 2G технологиясы боюнча кызмат көрсөткөн бардык уюлдук операторлордун абоненттери байланышта болот. Муну менен катар О! абоненттери үчүн 3G үчүнчү муун технологиясы жеткиликтүү.

Стратегиялык унаа жолунун коркунучтуу бөлүгү О! ишенимдүү сигналы менен камсыз болду. Бул курулушту маанилүүлүгү жана аткарылган иштердин масштабы боюнча он жылдыктын курулушу – деп апыртпай эле айтсак болот.

* Кыргыз Республикасынын маалыматтык технология жана байланыш мамлекеттик комитетине караштуу Мамлекеттик байланыш комитети.

** Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги.


Тизмеге кайтуу