О! компаниясында акысыз стажировканын жаңы агымы башталды – Java Backend Developer 6.0

20.08.2024

О! мобилдик операторунан Intern Labs билим берүү долбоорунун негизинде О! Java Backend Developer адистиги боюнча акысыз стажировкага жаңы кабыл алуу башталды.

Бул алтынчы агым, ар бир кийинки агым мурункусунун рекорддорун жаңыртып турат. Бир орунга 30дан кем эмес адам талапкер, анын жарымы гана аягына чейин жетет жана «НУР Телеком» компаниясында иштөөгө дал ошол чакырууну алат.

Java Backend Developer – бул Spring Java куралдарын колдонуу менен сервердик платформалар үчүн тиркемелерди түзгөн иштеп чыгуучу.

Intern Labs долбоорунда бекер стажировкадан орун алуу үчүн талапкер төмөнкүлөрдү билиши керек:

• Java компьютер тилинин негиздерин;

• орус тилин (оозеки/жазуу);

• англис тилин (оозеки/окуу);

• кесипкөй компьютер колдонуучусу болууга тийиш.

Окутуу кантип өтөт?

Курсту КРнын мыкты иштеп чыгуучулары – практика гурулары жана теориянын чеберлери алып барат. Окуу жумасына 3 күн 2 сааттан онлайн жана оффлайн форматында Бишкектин борборунда ыңгайлуу кеңсенин базасында өтөт. Бардык курстун узактыгы - 6 ай. Сизди практика менен коштолгон теориянын үч айлык негизги тренинги күтөт, акыркы 3 айда болсо чыныгы долбоорлорго катышасыз. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.

Натыйжада эмне болот?

  • Сиз Java-иштеп чыгуу дүйнөсүнүн суроо-талап күчтүү кесипкөйү кыла турган билимдин олуттуу зарядын аласыз! Биздин менторлор бэкендди иштеп чыгуунун бардык өзгөчөлүктөрү жана лайфхактары менен бөлүшөт. Сиз жогорку деңгээлдеги куралдарга жана алдыңкы технологияларга мүмкүнчүлүк аласыз, Java'ны эксперттик деңгээлде өздөштүрөсүз жана күчтүү сервердик тиркемелерди түзүүнү үйрөнөсүз.

  • Курстан өтүү жөнүндө документти аласыз.

  • Эң мыктылар Кыргызстандагы эң мыкты компаниялардын бири – О! операторунда иштөөгө чакыруу алышат.

Кантип катышса болот

  • 2024-жылдын 19-августунан 8-сентябрына чейин – биринчи тандоо туру башталат. Башында internlabs.o.kg шилтемеси боюнча анкетаны толтуруу керек жана андан кийин сиз биринчи тестти өтүүгө нускамаларды жана шилтемени аласыз.

  • 2024-жылдын 9-сентябрында – биринчи турдун жыйынтыктарын чыгаруу. Биринчи турдан ийгиликтүү өткөндөргө, тестке шилтеме жиберилет;

  • 2024-жылдын 9-сентябрынан 15-сентябрына чейин – финалдык тур;

  • 2024-жылдын 16, 17-сентябры – финалдык турдун жыйынтыктарын чыгаруу. Акыркы тесттен ийгиликтүү өткөндөрдүн бардыгы тандалган курска кабыл алуу жөнүндө билдирүү алышат жана Welcome Day'ге чакырылат.

Ийгиликке карай жолуңузду баштаңыз!

КР МТжБМК караштуу МБК лицензиясы: «НУР Телеком» ЖЧК №16-0062-КР жана 06.12.2016 №16-0063-КР


Тизмеге кайтуу