Акыркы жаңылыктар
Өткөн ишембиде О! мобилдик операторунун кызматкерлери салттуу «Бак отургуз!» акциясын өткөрүштү.
Бул жакшы салтты сактап, компаниянын жамааты быйыл алтынчы жашыл паркты жаратышты. Мындай паркты Бишкек шаарынын №88 жалпы билим берүүчү мектебине белек кылышты.
«Биз борбор калаабыздын жашоочулары үчүн жашыл зоналарды жана таза микроклиматты пайда кылууга салымыбызды кошуп жатканыбыз үчүн абдан кубанычтабыз. Биз аткарган иш-аракет башкаларга дагы үлгү болот деген ойдобуз. Шаар тургундары жана башка компаниялар менен биргелешкен күч-аракеттерибиздин натыйжасында таза жана табигый айлана-чөйрөнү сактап каларыбызга ишенебиз», – деп белгилейт компаниянын өкүлү Эркина Сарбашева.
Мугалимдердин жана жогорку класстардын окуучуларынын жардамы менен чоң иштер жасалды – мектептин короосу жашыл аймакка айланып, жаңы балатылар менен кызыл карагайлар отургузулду.
О! мобилдик оператору 2023-жылы президент Садыр Жапаров тарабынан жарыяланган беш жылдык «Жашыл мурас» улуттук кампаниясын чын жүрөктөн колдойт. Отургузулган ар бир бак жашылдандыруунун жана жаратылышты келечек муундарга мыкты абалда өткөрүп берүү зарылдыгынын белгисине айланмакчы.
Кыргыз киносу сиздин смартфонуңузда: Etnomedia бекер онлайн-кинотеатры
Термометрлер чектен чыгып жатканда, О! операторунда – үй-бүлөлүк тарифке минус 25%
Honor Кыргызстанда жаңы смартфондорун тартуулады: O!Store'до сатуулар башталды
О! Мобилдик оператору маалымдайт
Маанилүү: О! оператору коддорду сурам кылбайт жана телефон аркылуу келишимди узартпайт
Бардык жаңылыктар