O!TV менен чогуу 130 чейин санариптик телеканалдарын көр

31.05.2017

Санариптик эфирдик теле берүүгө өтүү боюнча мамлекеттик демилгени колдоого алуу менен, О! мобилдик оператору биринчилерден болуп мобилдик телеберүүнү активдүү жайылтууну жана өнүктүрүүнү баштады. Бул иштин бүгүнкү жыйынтыгы – O!TV мобилдик тиркемеси 100 миңден көп жолу жүктөлгөн, ал аркылуу кыргызстандыктарга Интернет бар бардык жерде фильмдерди, сериалдарды, мультфильмдерди санарипте берүү жеткиликтүү.

O!TV кызматы менен каалаган түзүлүштөн - смартфондон, планшеттен жана Smart TV функциясы бар бардык Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунан антенналарсыз, тирегичтерсиз жана сымдарсыз көрүүгө болот.

  • Смартфондор үчүн «О!го которул + TV» тарифтеринин эң ыңгайлуу тизмеги жумасына 115 сомдон тартып (мобилдик ТВ + чексиз ылдам интернет + О! түйүнүндө акысыз баарлашуу);

  • Роутер же Wingle көп колдонула турган үй же дача үчүн жумасына 300 сомдон арзандатылган баадагы «Чексиз 4G + О!TV» тарифи эң туура келет (130 ТВ канал  + чексиз ылдам интернет).

«Бүгүн биз жаңы технологиялык революциянын – санариптик телеберүүнү массалык жайылтуунун эпицентринде турабыз. Анын артычылыктары өзү эле түшүнүктүү, себеби бул принципиалдуу жаңы мүмкүндүктөр – интерактивдүүлүк жана мобилдүүлүк. O!TV сервисин өнүктүрүү  - бул биздин компаниябыздын бүткүл Кыргызстан боюнча коомдун санариптик өнүгүшүнө кошкон салымыбыз», - деп билдирди О! мобилдик операторунун комерциялык директору Максим Сидоренко.

Эң негизгиси, O!TV сервиси  кыргызстандык каалаган байланыш операторунун абоненттерине көрүү үчүн жеткиликтүү, бирок О! абоненттери үчүн гана ТВ каналдарды көрүүдө интернет-трафик тарифтештирилбейт. Сервиске эки кадам менен кошулууга болот - O!TV тиркемесин өз түзүлүшүңүздөгү тиркемелер дүкөнүнөн жүктөңүз жана O!TV сервиси кошулган каалаган топтомду же тарифти кошуңуз. Сизге O!TV байкап көрүү оңой болуш үчүн кенен нускама, ошондой эле   Smart TV-ни эч кандай кыйындыктарсыз кантип туура тууралоо керектиги жөнүндө видеобаян даярдадык. Кенен маалымат 707 (О!нун абоненттери үчүн чалуу акысыз) жана 0705 700 700 (башка операторлордун абоненттери үчүн) телефондору боюнча да жеткиликтүү.

O!TV – жагымдуу көрүү каалайбыз!

Маалымдама үчүн: 1994 –жылдан тартып Кыргызстан  Эл аралык электр байланыш кеңешинин  (ЭЭК) мүчөсү болуп саналат жана дал ошол себептен 2006-жылы өлкөбүз санариптик эфирдик телеберүүгө биротоло өтүү планына кошулган («Женева-2006» планы). Кыргызстан толугу менен санариптик берүүгө 2017-жылдын 15-майында өттү. 


Тизмеге кайтуу