UFC 261: Шевченконун Андрадэге каршы беттешин O!TV тиркемесинен кѳр

21.04.2021

25-апрелде АКШнын Джексонвиллинде ѳтѳ турган UFC 261 турниринде Валентина Шевченко менен Джессика Андрадэнин беттеши иш-чаранын чоӊ окуясына айланат. Шевченко үчүн бул 2018-жылдын декабрынан бери ээ болуп келе жаткан аялдардын эӊ жеӊил салмактагы титулун бешинчи жолу коргошу.

Адаттагыдай эле, мушташтын жүрүшүнѳн түз алып берүү O!TV тиркемесинен UFC ТВ телеканалы тарабынан кѳрсѳтүлѳт.

Кызыктуусу, UFC 261 бир жылдан бери трибуналар 15 миӊге жакын кѳрүүчүгѳ толгон биринчи турнир болот. Биздин чемпионубуздун атаандашы катары дивизиондун рейтингиндеги биринчи номер Джессика Андрадэ чыгат. Бразилиялык айым 2019-жылы бир категорияга тѳмѳнкү курдун ээси болчу, ал эми эӊ жеӊил салмакта жакында Кэтлин Чукагянга каршы чыгып, 1-раундда эле нокаут менен жеӊип алган. 

Жеӊишти кимге ыйгарасыз?

O!TV күйгүз – биздикилерди колдо!

Валентина Шевченко катышкан күндүн башкы беттештеринин бири күтүлгѳн негизги карддын башталышы жекшемби күнү Бишкек убактысы боюнча саат 8:00. Күнүнѳ болгону 7 сомго *750*3# буйрутмасы менен «O!TV Премиум» топтомун кошуп алып, кайсы жерде жүрсѳӊүз да, бардык түзүлүштѳрдѳн – смартфондон, планшеттен, ноутбуктан же Smart TV функциясы бар Sony, Phillips, Samsung телевизорлорунан O!TV каналын кѳрүӊүз.

Кененирээк маалымат otv.kg сайтында.


Тизмеге кайтуу