«Келишим боюнча Смартфон» – О! мобилдик операторунан смарфтонду төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алууга сонун мүмкүндүк

01.02.2017

О! мобилдик оператору смарфтонду келишим боюнча сатып алуунун мурун болуп көрбөгөндөй шарттарын жарыялайт. Эми 4G көтөрө алган заманбап смартфондор мурункудан да жеткиликтүү болуп калды. Биринчи жолу кыргызстандыктарда каалаган смартфонду (Samsung, Apple, Xiaomi, Huawei ж.б.) анын баасынын төлөө мөөнөтүн  12 айдын ичинде узартып акырындан төлөө менен сатып алууга мүмкүндүк пайда болду. Ай сайын төлөнүүчү төлөм түз эле  мобилдик эсептен автоматтык түрдө алынып турат.

 «Келишим боюнча Смартфон » – бул эмне?

Бюджети чектелген сатып алуучу смартфон сатып алууну айдан айга узакка калтырбайт, мындан тышкары, мобилдик байланышка да бир топ  үнөмдөй алышат.

Кардарларда смартфондордун популярдуу моделдерин төлөө мөөнөтүн 12 айга чейин узартуу менен, эң ыңгайлуу шарттар боюнча сатып алууга мүмкүндүгү бар. Мисалы, Huawei Y3 II сатып алганда ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмү болгону  670 сомду түзөт. Бул жерде ай сайын төлөнүүчү төлөмдүн өлчөмүнө акысыз мүнөттөрдүн жана чексиз интернеттин баасы да кошулган.

«Келишим боюнча Смартфон» программасынын артыкчылыгы эмнеде?

Бул уникалдуу сунуштун эң башкы артыкчылыктарынын бири төлөм дароо абоненттин мобилдик эсебинен алынат. Жөнөкөй жол-жоболоштуруу жобосу аз гана убакытты алат, мында кардарга банкка баруунун кереги жок. О!Store дүкөндөрүнө  келишим боюнча смартфон сатып алганда, кардар акысыз мүнөттөрү жана чексиз интернети бар арзан атайын тарифтик план тандай алат.

«Келишим боюнча Смартфонду» кайдан сатып алса болот?

Смартфонду келишим боюнча дээрлик бардык каалоочу O!Store дүкөндөрүнөн төмөнкү даректер боюнча: «ЦУМ» СБ – 1-кабат, «Бишкек Парк» СКБ –M1 кабаты, Vefa Center СБ – 1-кабат, Юнусалиев көчөсү, 177/1 ( Beta Stores-2 СБ)  жана Ош шаарындагы  Курманжан Датка көчөсү, 256 А сатып ала алат.


Тизмеге кайтуу