О! мобилдик операторунун түйүнү жаңы жылдык эң көп жүктөмдөргө туруштук берди

05.01.2016

О! мобилдик оператору жаңы жылдык түндө түйүндүн иштешине жыйынтык чыгарды – түйүн  миллиондогон сүйлөшүүлөргө жана SMS-билдирүүлөргө үзгүлтүксүз туруштук берди.

Салт болуп калгандай эле бул учурда түйүндөгү жүктөмдөр башка кадимки күндөргө караганда бир нече эсеге өсөт. 31-декабрдын 21:00 тартып 1-январдын 03:00 чейинки убакыт аралыгында компаниянын абоненттери кадимки күндөргө салыштырганда  3,5 көп SMS жазышты жана 2 эсе көп чалышты.

«Жаңы жылдык түндө түйүндүн иштешин камсыздоо боюнча көрүлгөн иш-чаралар өзүн толугу менен актады, биздин абоненттер эң көп сүйлөшүлчү убакта – сааттын жебеси он экини каккандан тартып, түнкү бирге чейин бири бирине чалып,  SMS жөнөтүп жатышты. Биз бул убакта кадимки күндөргө караганда SMS-трафик үчүн 4 эсе көп жана добуштук чалуулар үчүн – 2,5 эсе көп жүктөмдөрдү белгиледик”, - деп белгиледи О! мобилдик операторунун технологиялык дирекциясынын директорунун орун басары Антон Коваленко.

О! мобилдик операторунун абоненттеринин арасында жаңы жылдык түндө эң популярдуу болуп   добуштук чалуулар болду. 31-декабрдын 21:00 тартып 1-январдын 03:00 чейинки убакыт аралыгында сүйлөшүүлөрдүн жалпы узактыгы 5,4 миллиондон ашык мүнөттү түздү. Жаңы жылдык түндө О! мобилдик операторунун түйүнүндө 1,39 миллиондон ашык SMS жөнөтүлгөн.

О! мобилдик оператору – ылдамдык, сапат жана инновациялар!


Тизмеге кайтуу