О! мобилдик операторунун курамасы мини футбол боюнча МБА 2017 Кубогунун коло байгесине ээ болду

16.05.2017 О! мобилдик операторунун курамасы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик байланыш кызматы тарабынан Байланыш жана радио күнүнө карата уюштурулган турнирде коло байгеге ээ болду.

Футболдук матчтар 13-майда Бишкек шаарында өттү. Турнирге O!, Beeline, MegaCom, КРӨ караштуу МБК, Электроника жана телекоммуникациялар (ЭТИ) институтунун жана «Кыргыз почтасынын» курамалары катышышты. О!нун эки кызматкери «Мыкты» деген сөз бар жеке сыйлыктарды - тунирдин мыкты коргоочусу - Адилет Омуров, мыкты голкипер - Мырза Искаков алышты. Мелдештерди өткөрүүнүн бүткүл тарыхында О!нун курамасы бул мелдештердин байгелерине ээ болуп келишкен, бул мыкты командалык ишеним жана мыкты физикалык даярдоо бар экенин билдирет. О! мобилдик оператору өз кызматкерлерине спорт менен машыгуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүп берет жана өз жамаатташтарынын жетишкендиктери менен сыймыктанат.

Катышуучулар өздөрү белгилегендей, спорттук биринчилик Кыргызстандын «байланышчыларына» бири бирине жакын болууга жана тармакты өнүктүрүү үчүн сергектик зарядын алууга жана майнаптуу жана чыгармачыл иштөөгө жардам берет.

О! мобилдик оператору – алга!

Тизмеге кайтуу