Кыргызстандагы эң ылдам мобилдик интернет. Көз карандысыз Ookla® анализи

Кыргызстандагы эң ылдам мобилдик интернет. Көз карандысыз Ookla® анализи

21.02.2020

Интернетти тестирлөө жана анализ тармагындагы дүйнөлүк лидери болуп саналган Ookla компаниясы Кыргызстандагы «Эң ылдам мобилдик түйүн» сыйлыгынын жыйынтыгын жарыялады. Бул сыйлыкка О! Мобилдик оператору татыктуу болду.

Берилген маалыматтарга ылайык, Кыргызстандагы өз кардарларына эң ылдам мобилдик Интернетти дал О! Мобилдик оператору камсыздайт. Натыйжада, жүктөөлөрдүн ылдамдыгы секундасына 19,17 Мбитти түзгөн, бул көрсөткүч рынок боюнча жакынкы өнөктөшүнүн көрсөткүчтөрүнөн 1,3 эсеге ашып кеткен.

«Speedtest тиркемесин колдонуу аркылуу күн сайын жүргүзүлгөн миллиондогон тесттердин жардамы менен Ookla компаниясы дүйнө жүзү боюнча Интернеттин өндүрүмдүүлүгү тууралуу ишенимдүү жана ар тараптуу пикирди иштеп чыкты.Биздин кылдат жасаган анализибиздин негизинде О! Мобилдик операторун «Эң ылдам мобилдик түйүнү» катары аныктаганыбызга кубанып жатабыз. Бул сыйлык артыкчылыктуу өндүрүмдүүлүктүн күбөлүгү болуп саналат, бул өндүрүмдүүлүктү өз кардарлары 2019-жылдын 2- жана 3-кварталында баамдай алышкан», - деп белгиледи Ookla компаниясынан аткаруучу вице-президенти Джейми Стивен.

Ookla компаниясы кыргызстандыктардын 8, 315тен ашуун уникалдуу мобилдик түзүлүштөрүндө ылдамдыктын 54,446 миң өлчөөлөрүнүн маалыматтарын анализдеген.

Сыйлык тууралуу О! Мобилдик операторунун коммерциялык директору Максим Сидоренко дагы ой бөлүштү: «О! Мобилдик оператору салтка айланып калгандай, тейлөөнүн сапатына басым жасоодо жана максималдуу ылдамдыктагы мобилдик Интернетке кирүүнү камсыздоого аракет кылат. O! биринчилерден болуп 4G LTE түйүнүн ишке киргизген, былтыр түйүндүн камтуу жана сыйымдуулук аймагын бир кыйла кеңейттик. Speedtest® тиркемесинин жардамы менен Ookla компаниясы тарабынан жүргүзүлгөн анализдин алкагындагы колдонуучулардын өлчөөлөрүнүн жыйынтыгы дагы биздин Кыргызстандагы лидерлигибизди тастыктап жатат. Мындай сыйлыкка татыктуу болуу биз үчүн чоң сыймык. Бул сыйлык биздин жалпы командабызга көрсөтүп жаткан жана келечекте көрсөтө турган кызматтарыбыздын сапаты үчүн абоненттердин алдындагы жоопкерчилигибизди арттырмакчы».

Мобилдик Интернеттин жогорку ылдамдыгы абоненттерибизге иштерин тез бүтүрүп алууларына, музыка менен видеону, сүрөттөрдү онлайн жүктөөгө жана угууга, баарлашууга мүмкүнчүлүк берет.

Ылдамдык гана маанилүү эмес

Абоненттер үчүн файлдарды жүктөө жана орнотууда жогорку ылдамдык гана эмес, кызматтын жеткиликтүүлүгү да маанилүү, демек кардардын түзүлүш менен колдонуп жаткан аймактагы түйүндүн дагы камтуусу да абдан жогорку мааниге ээ. Бул көрсөткүч боюнча дагы О! Мобилдик оператору өз лидерлигин тастыктайт. Кыргызстандын 97%дан ашуун калкын жогорку ылдамдыктагы 4G LTE технологиясы менен камтуу дагы өлкөнүн мобилдик операторлорунун ичинде гана эмес, ЕАЭБге кирген өлкөлөрдүн аймагында да эң мыкты жыйынтык болуп саналат. Компания түйүндүн өнүгүү динамикасы жана техникалык команданын иши тууралуу o.kg сайтында «Түйүндүн өнүгүүсү» бөлүмүндө үзгүлтүксүз маалымдап турат.

Speedtest сервисин көрсөтүүчү Ookla компаниясы интернетти тестирлөө жана анализ жаатында дүйнөлүк лидер болуп саналат. Интернеттин ылдамдыктарын тестирлөө боюнча Speedtest сервиси түйүндөрдүн өндүрүмдүүлүгү жана диагностикасынын эң так ыкмасы болуп эсептелинет. Speedtest мобилдик жана бекилген кеңири тилкелүү кошулуулардын ылдамдыгы менен сапатына болгон эркин көз карашты сунуштайт. Миллиондогон колдонуучулар Ookla Speedtest тиркемесин Интернеттин ылдамдыгын тестирлөөчү №1 тиркеме кылып алышты жана ага күн сайын бул тармактын кесипкөйлөрү ишенимин көрсөтүп келишет.


Тизмеге кайтуу