Смартфондор менен төрөлгөн балдар. Z муундун балдарын тарбиялоо тууралуу ата-энелердин пикирлери

17.09.2019

Биз О! Safe Kids тиркемесинин колдонуучулары менен баарлашып, азыркы учурдун ата-энелери 2003-жылдан бери төрөлгөн, башкача айтканда смартфондор менен төрөлгөн Z муундун балдарын кантип тарбиялап жатышкандыктарын билдик.

Айнура Жумадылова, 3 жашар Дариянын жана 8 жашар Медердин апасы.

111111.png

«Азыр балдарды компьютерден же смартфондон баш көтөртүү абдан оор. Балдар телефонду колдорунан чыгарбайт, кээде тамак ичүүдөн, сейилдөөдөн баш тартышат жана аларды уруш-талаш менен алаксытууга туура келет. Канча жолу тыюу салдык, телефонду бербей койдук, эч майнап чыккан жок. Күйөөмө ыракмат, ал бир жерден угуп келип, жаңы O! Safe Kids тиркемесин байкап көрөлү деп чечтик. Тиркеме биз үчүн башкы функциясын аткарып жатат – түзүлүштү колдонуу мөөнөтүн чектеп жатат, жөн гана ишти бөгөттөп коёт, ошондой эле күйөөм экөөбүзгө балдарыбыз кайда экендиги, смартфонунун заряды тууралуу керектүү маалыматтарды билдирип турат. Бул менин тынчтыгым десем болот, эми мен баламдын жууркандын астында планшет менен отурбай, мемиреп уктап жаткандыгын билем».

Екатерина Огорелышева, 13 жашар Викториянын жана 4 жашар Даниэлдин апасы.

22222222.jpg

«Чынын айтсам, менин ушундай тиркемеге көптөн бери муктаждыгым бар болчу. Кызым 14кө чыгып калды жана ал бир топ эле өз алдынча десем болот. Бирок, мен көзөмөлдөп эмес, оңдоп турушум керек болгон кээ бир учурлар бар деп эсептейм.

O! Safe Kids тиркемесин орнотуу менен мен анын кайда жүргөнүнөн кабардармын. Мектепке жеттиби же үйгө келе жатабы билип турам.

Мисалы, турмуштук мисал. Вика вокалда жүргөндө, ага чалууга жана телефон колдонууга болбойт. Мугалими көп учурда алып калат, ошондуктан анын сабакта отуруп отурбаганын тиркеме аркылуу көрүп алганым мага абдан ыңгайлуу. Менин нервимди сактайт.

Көптөгөн балдар кичине кезинен баштап эле смартфонго же планшетке байланып калышкан. Мен муну туура эмес деп эсептейм, бул физикалык жана психикалык саламаттыгына зыян алып келет. Смартфондо көңүл ачууга 1 саат жетиштүү болот. Биз аны менен сабактарын окууга жана үй иштерине жардамдашууга жетишүүсү үчүн смартфонду чектелүү мөөнөттө гана колдоно ала тургандыгы тууралуу макулдашып алдык. Эгер менин кызым убакыттан ашып кете турган болсо дагы, ал жөн гана телефон чала алат.

Тиркеме алкоголдук ичимдиктерге, кумар оюндарына жана балам үчүн эрте деп эсептеген башка темаларга байланыштуу кооптуу сайттарды да автоматтык түрдө бөгөттөйт. Ага карабастан, кызым мындай маалыматты ачууга аракет жасаса, мага билдирүү келет жана мен аны менен бул сезимтал темалар тууралуу сүйлөшө алам. Эки баланын апасы катары мен O! Safe Kids тиркемесин сунуштайм, анын үстүнө аны менен таптакыр акысыз колдонсо болот».

Тилек Сарчороев, 7 жашар Арсендин жана 4 жашар Айлиндин атасы.

333333.jpg

«Уулум YouTube-дан видео көргөнгө кынык алып алды. Мультиктерден тышкары, видеооюндарды көрө баштады. Бирок көп учурда бул оюндар балдар көрө турган жана уга турган оюндар эмес.Сөгүшкөн сөздөр шатырайт. Мен чуркап жеткиче, которгуча, ал укчу нерсенин баарын угуп алат да. Кандай чечим кабыл аларды ары ойлонуп, бери ойлонуп жатканда О! Мобилдик операторунун жаңы тиркемеси чыгып калды. O! Safe Kids тиркемеси – баламдын кайсы жерде жүргөнүн, телефонундагы батареянын зарядынын пайызын, жана эң башкысы керексиз сайттарды чектеп, баламдын уят сөздөрдөн коргойт. Мен кээ бир сайттарга тыюу салдым, бирок жалпы интернетке кирүү жеткиликтүү бойдон калды. Менин смартфонума билдирүүлөр келе баштады, мен дароо балдарымдын кайсы сайттарга киргенге жана кайсы программаларды иштеткенге аракет кылгандарын көрүп турат».

Интернетти балдар үчүн чын эле коопсуз кылууга О! Safe Kids атайын тиркемеси жардам берет. Ал көптөгөн актуалдуу кибер коркунучтарды таанууга жана бөгөттөөгө жардам берет. Мындан тышкары, бул тиркеменин жардамы менен ата-энелер баласынын Facebook, VKontakte тармактарында жазгандарынан кабардар болуп, досторунун тизмесиндеги өзгөрүүлөрдү көрө алышат, анын турган жерин, батарейкасынын учурдагы зарядынын деңгээлин биле алышат, ошондой эле түзүлүштү колдонуунун мөөнөтүн чектей алышат.

О! Мобилдик операторунан О! Safe Kids тиркемеси маалыматтык коопсуздук тармагындагы эң ири иштеп чыгууучу «Касперский лабораториясы» менен биргеликте иштелип чыккан. Тиркеме жүктөө үчүн оператордун бардык абоненттерине жеткиликтүү, ал эми «Переходи на О! + O! Safe Kids» жаңы тарифтеринде АКЫСЫЗ көрсөтүлөт. Аны активдештирүү үчүн алгач О! Safe Kids тиркемесин жүктөө жана сиздин ата-эненин мобилдик телефонунан *234*1#  буйрутмасын терүү керек.

O! Safe Kids тиркемеси  – балаңызды заманбап тарбиялоодо жардамчыңыз!

 


Тизмеге кайтуу