IT-коомчулукту жана мамлекеттик кызматтарды өнүктүрүү. МТжМК менен О! Мобилдик операторунун ийгиликтүү долбоору

31.10.2019

Кыргыз Республикасынын маалыматтык технологиялар жана байланыш Мамлекеттик комитетинин (МТжБМК) О! Мобилдик оператору менен тыгыз кызматташуусунун негизинде «Мамлекет платформа катары» долбоорунун жана «Санарип мЕн» концепциясынын алкагында санариптик мамлекеттик кызматтардын тизмегин активдүү түрдө кеңейтүүнү улантууда.

Бүгүн О! Мобилдик операторунун жаңы коворкингинин ачылышына байланыштуу уюштурулган басма сөз жыйынында «Мамлекет платформа катары» пилоттук долбоорунун аралыктуу жыйынтыктары белгиленди.

Дастан Догоев мобилдик оператордун тиркемесиндеги Carcheck сервисинин ийгиликтүүлүгүн мисалга келтирүү менен жарандардын санариптик чечимдерге болгон суроо талаптарынын жогору болгондугун баса белгиледи. Октябрь айында эле 10 миңге жакын колдонуучу «Мой О!» тиркемеси менен колдонгон.

открытие (25).jpgОткрытие КЦ (85).jpg

Азыркы күндө «Мой О!» тиркемесинде кийинки мамлекеттик кызматтар ийгиликтүү иштеп жатат: ЖКККББ айып пулдарын текшерүү жана 50% арзандатуу менен комиссиясыз төлөө, бузуулардын майда-баратын жана сүрөтүн көрүү, жаңы айып пулдар тууралуу SMS алуу; электрондук патенттерди төлөө; аттестаттын, дипломдун асыл нускасы болгондугун аныктоо; ММКФ камсыздандырылуу статусу; айдоочу күбөлүгүнүн бар же жок экендиги тууралуу маалымкат; табылгалар бюросунан маалымкаттарды берүү.

«Мой О!» тиркемесинде Тулпар жол жүрүү картасынын балансын толуктоо ишке ашырылган.

Открытие КЦ (84).jpgОткрытие КЦ (100).jpg

«Башкача айтканда, кыргызстандыктар кайда жашагандыгына карабастан, бир нече клик менен түрдүү кызматтарды жана маалымкаттарды – мурункудан дагы ыкчамыраак, тезирээк жана ыңгайлуураак ала алышат, - деп жыйынтыктады МТжБМКнын төрагасы Дастан Догоев.

Азыркы учурда «Мамлекет платформа катары» долбоору боюнча 31 мамлекеттик кызматты жана сервисти, 42 муниципалдык кызматты жана сервисти эч бир мамлекетик мекемеге кайрылбастан алса болот, ал эми электрондук кызматтардын порталынын жардамы менен 37 мамлекеттик кызмат жана сервис санариптик форматта берилет. 2019-жылдын аягына чейин дагы 189 кызмат менен сервисти ишке киргизүү пландаштырылууда. 

открытие (26).jpgоткрытие (28).jpg

««Санарип Кыргызстан» концепциясынын алкагында «Мамлекет платформа катары» долбоорун ишке ашырууда бизнес менен Мамлекеттин ийгиликтүү кызматташуусу санариптик мамлекеттик кызматтарды иштеп чыгууда жана өнүктүрүүдө Мамлекеттик комитеттин рыноктун ири катышуучулары – мамлекеттик компаниялар дагы, чакан ишкерлер дагы катыша ала турган кызматташуу моделин тандагандыгы болуп калды деп айтсак болот. Өз мобилдик тиркемелери жана каналдары аркылуу санариптик кызматтарды көрсөтүүдө мобилдик операторлордун активдүү катышуусу кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнүн миллиондогон тургундарын камтууга жана сервистердин жалпыга жеткирүүнүн жана жеткиликтүүлүгүн камсыздоо, жалпысынан Кыргызстандын санариптештирүү процессин тездетүүнү мүмкүн кылат, – деп сөзүн О! Мобилдик операторунун операциондук ишмердүүлүк боюнча директору Алла Опариенко улантты. – Биз Компанияда дүйнөлүк деңгээлде программалык камсыздоону түзүүдөгү өз тажрыйбабызды колдонуу менен ресурстарыбызды жана мүмкүнчүлүктөрүбүздү ишмердүүлүктүн бардык тармактарында санариптештирүүнү өнүктүрүү үчүн багыттайбыз.

Бүгүн «Мой О!» – бул абоненттин жеке кабинети, «О!Деньги» капчыгы жана башка көптөгөн пайдалуу функциялары бар бирдиктүү экотутум. Тиркеменин Google Play маркетиндеги рейтинги максималдуу 5 баллдан – 4,7ге жетишти, ошондой эле тиркемени 660 000 жолу жүктөп алышты.

*«О!Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан кызматтардын жеткиликтүү тизмегинин алкагында көрсөтүлөт. КР УБ лицензиялары: 2021030817, № 3022030817.


Тизмеге кайтуу