shop.o.kg интернет-дүкөндөн сатып алуунун артыкчылыктары

30.03.2016

О! мобилдик оператору shop.o.kg интернет-дүкөндөн онлайн-сатып алуулардын арткчылыктары жөнүндө эске салат.  Үйдөн чыкпастан, shop.o.kg-ден мобилдик түзүлүштөрдү жана пайдалуу гаджеттерди сатып алуу үчүн аз дегенде алты себеп бар:

  • Өз абоненттерине максималдуу ыңгайлуулук тартуулоону жана кам көрүүнү максат кылуу менен, интернет-дүкөн түзүлүштөрдү эки жылга чейин мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу мүмкүндүгүн сунуштады. Бул жерде сатып алуучулардан документтердин минималдуу топтому талап кылынат. Ошондой эле товарларды үйдө, бир жумада 7 күн бою насыяга жол-жоболоштуруу жеткиликтүү болуп калды. Дүкөндүндүн өкүлдөрү түз эле кардардын үйүнүнөн насыялык документтерге кол койдуруп алат.
  • Мындан тышкары, жакынкы убактан тартып, shop.o.kg-ден сатып алууларды накталай да, популярдуу банктык Visa карточкалар аркылуу да кылууга болот. online-сатып алуулар үчүн кардардын интернет-банкингге кире алышы гана жетиштүү. Бул жаңы опция интернет-шоппингди бир топ ыңгайлуу жана жөнөкөй кылат.
  • Shop.o.kg эң жаңы телефондор рыногуна чыгууну колдойт, дүйнөлүк өндүрүүчүлөрдөн популярдуу смартфондорду алдын ала тапшырык кылуу менен сатып алса болот. Мисалы,  iPhone SE Apple көргөзмөлөгөндөн кийин кийинки күнү эле алдын ала тапшырык кылуу үчүн жеткиликтүү болгон.
  • Ошондой эле интернет-дүкөндүн сатып алуучулары О!дон мобилдик интернеттин артыкчылыктарын баалай алышат, себеби каалаган смартфонду сатып алганда чексиз 4G интернет 30 күнгө белекке берилет.
  • shop.o.kg-ден сатып алынган мобилдик телефондорго 3 жылдык мөөнөткө чейин кепилдик тейлөө сунушталат (1 жыл толук кепилдик+2жыл сервистик тейлөө).
  • Бишкек шаарынын чегинде жеткирүү акысыз жана тапшырыкты ырастагандан кийин болгону бир сааттын ичинде жеткирилет.

shop.o.kg интернет-дүкөндөн сатып алыңыздар жана пайдалуу бонустарды алыңыздар!


Тизмеге кайтуу