Эмне үчүн Кыргызстанда 5G технологиясын өнүктүрүү керек, маанилүү жана учурдун талабына айланууда

14.08.2024

Кыргызстан эң жаңы технологияларга татыктуу. 5G мүмкүнчүлүктөрү менен бизди эң сонун келечек күтөт.

Кыргызстанда абоненттери 4G стандартынын алгачкы колдонуучулары болгон О! мобилдик оператору технологиялык лидер болуу менен бешинчи муундагы байланыш технологиясын жайылтууга эчактан бери эле даяр. Буга Кыргызстандын рыногу да даяр, анткени 5G иштеген смартфондордун сатылышынын пайыздык көрсөткүчү аймактардын борборлорунда 20%дан ашты.

Эмне үчүн Кыргызстанда 5G технологиясын өнүктүрүү керек, маанилүү жана учурдун талабы болууда?

Байланыш технологияларынын өнүгүшү экономикалык жана социалдык прогресстин маанилүү фактору болуп саналат. Бешинчи муундагы 5G түйүнүн жайылтуу коомдун санариптик трансформациясы үчүн жаңы мүмкүндүктөргө эшик ачат, экономиканын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатат жана жарандардын жашоо сапатын жакшыртат.

Кыргызстандын Санариптик өнүктүрүү министрлигинен калкка кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу максатында жакында G-Cloud мамлекеттик булут сактагычын ишке киргизүү боюнча пландар бар экенин кабарлашкан. Мында Борбор Азияда аймактык data-борборлорду өнүктүрүүнүн башкы драйвери болуп, 5G технологиясын жайылтуу аракети эсептелерин Business Wire аналитиктери айтууда.

5G өнүктүрүү экономикалык артыкчылыктарга жол ачат

5G жайылтуу ИДПны жылына 1-1,5%га көбөйтүшү мүмкүн экендигин изилдөөлөр көрсөтүп турат. Кыргызстанда бул экономика үчүн кошумча киреше түрүндө келген миллиарддаган сом болушу ыктымал. Технология жаңы жумуш орундарын түзүүгө, жумушсуздук деңгээлин азайтууга жана калктын жашоосунун деңгээлин жогорулатууга жардам бере алат. 5G сыяктуу алдыңкы телекоммуникациялык инфраструктуранын болушу инвестицияларды тартуу үчүн маанилүү артыкчылык болуп эсептелет.

Социалдык жана технологиялык артыкчылыктар

5G жайылтуу менен акылдуу шаар, буюмдар интернети (loT), автономдуу транспорттук каражаттар жана атвоматташтырылган өнөр жай сыяктуу чөйрөлөрдө инновациялар үчүн жаңы мүмкүндүктөргө жол ачат. Бешинчи муундагы технология шаар чарбасын башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатууга, туруктуу өнүгүү үчүн шарттарды түзүүгө жардам берет. 5G түйүндөрү аралыктан билим алуунун жана медициналык кызматтардын жеткиликтүүлүгүн камсыздоого жардам берет. Өлкөнүн алыскы аймактарында жашаган студенттер интернет аркылуу сапаттуу билим ала алышса, бейтаптар – дарыгерлер менен кеңешип, аралыктан медициналык жардам ала алышат.

Геосаясий артыкчылыктар

Заманбап коммуникациялык технологиялар улуттук коопсуздукту камсыздоодо негизги роль ойнойт. 5G түйүндөрү байланыштын кыйла коопсуз жана туруктуу каналдарын берет, бул болсо мамлекеттик кызматтар менен ыкчам маалымат алмашуу жана алардын иш-аракеттерин координациялоо үчүн абдан маанилүү. Кыргызстанда 5G өнүктүрүү өлкөнүн санариптештирүү жана инновациялар менен байланышкан эл аралык долбоорлорго жана демилгелерге активдүү катышуусуна мүмкүндүк берет. Бул болсо, Кыргызстандын эл аралык аренадагы позициясын бекемдейт, ошондой эле башка өлкөлөр жана эл аралык уюмдар менен жакын кызматташууларды түзүүгө өбөлгө боло алмакчы.

Дүйнө жүзүндө эмнелер болуп жатат?

Борбор Азиялык коңшу өлкөлөрдө – Өзбекстанда, Казакстанда жана Тажикстанда 5G түйүнүнүн коммерциялык эксплуатациясы мурун эле башталган. Коңшуларыбыз технологиянын маанисин баса белгилөө менен, анын экономика, билим берүү, саламаттык сактоо жана жашоонун башка чөйрөлөрүн өнүктүрүүдө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү жарата турганын айтышууда.

Акыркы маалыматтарга ылайык, дүйнө жүзү боюнча 300гө жакын кызмат провайдери 5G технологиясы менен коммерциялык кызматтарды ишке киргизгени маалым. 64 өлкөдөгү 90 оператор эң жакынкы мезгил аралыгында 5G түйүнүн киргизүүгө даяр экенин билдиришкен.

5G технологиясынын 2028-жылга карата мобилдик мүмкүндүк алуунун эң башкы технологиясына айлана турганы күтүлүүдө. Прогноздор боюнча 2029-жылга карата 5G колдонуучуларынын саны мобилдик колдонуучулардын жалпы санынын 60 пайызын түзмөкчү.

Муну менен катар эле, 4G популярдуулугу азаюуда, анткени колдонуучулар 5G технологиясына өтүп жатышат, маселен, Африка өлкөлөрүндө дал ушундай көрүнүш орун алууда.

Дүйнө жүзү боюнча 2G жана 3G түйүндөрү өчүрүлүп жатат. Европанын кызмат провайдерлеринин басымдуу бөлүгү азыркы тапта 4G жана 5G түйүндөрүн колдонуу үчүн спектрди кайра бөлүштүрүү максатында 3G түйүндөрүн өчүрүп жатышат.

Жаңы технологиялардын мындай жарышында Кыргызстан кайсы орунду ээлейт?

Эксперттердин пикири боюнча, 4G LTE түйүнүнө жүктөм токтобостон көбөйүп жатат жана жакын арада түйүн бул жүктөмгө туруштук бере албай калат, ал эми бул, өз кезегинде, жарандардын жашоо сапатына терс таасир этиши мүмкүн.

Кыргызстандын келечектеги туруктуу өнүгүүсүн жана гүлдөп-өсүшүн камсыздоо үчүн азыртан калбай 5G-инфраструктурасын өнүктүрүү багытында иш алып баруу зарыл экендиги шексиз.

Маалымат үчүн:  2017-жылдан тартып Кыргызстанда радиожыштыктарга аукциондор ийгиликтүү өткөрүлүп келет. Мындай аукциондордун эрежелери учурдагы мыйзамдарда аныкталган. Бирок белгисиз себептердун улам, 2022-жылдан бери 5G жыштыгына карата тооруктар кийинкиге калтырылып келе жатат.


Тизмеге кайтуу