О!го которул – эми 30 эсе көп чексиз интернет!
О! мобилдик оператору «О!го которул+» тарифтик пландарынын жаңы тизмегин ишке киргизгендиги жөнүндө маалымдайт. Кардарлардын күткөндүгүнө жараша үч жаңы топтомдун сунуштары кошулду: «Light+О!го которул», «О!го которул+» жана «О!го которул Түштүк».
Жаңы тизмек кошумча артыкчылыктарга ээ – кошулган интернет-трафик дээрлик 30 эсе көбөйдү, ошондой эле жаңы тизмектеги бардык тарифтерде түйүн ичинде жана өлкөнүн башка мобилдик оператолорунун номерлерине акысыз чалуулар жана SMS.
«Бүгүнкү күнү интернет биздин күнүмдүк жашообузга тереңдеп кирди, ал эми интернет-колдонуучулардын саны күн сайын көбөйүүдө. Биз биздин абоненттерибиздин интернет-трафикти сарпташын карап турабыз, алардын муктаждыктарын талдайбыз жана пайдалуу сунуштарды киргизебиз. «О!го которул+» тизмегинин тарифтери – универсалдуу сунуштар, алар абоненттердин муктаждыктарын бириндетпейт, тескерисинче, аларды бир комплексте эске алат: тарифтер баары үчүн актуалдуу: добуштук байланыштуу активдүү колдонгондор үчүн да жана мобилдик интернетти колдонгондор үчүн да. А эми сунушталган чексиз интернет абоненттерди ашыкча төлөмдөрдөн коргойт. Гаджет сүйүүчүлөр дайыма online болууга мүмкүндүк берген жаңыланган тарифти баалашат деп ишенем», – деп белгиледи компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко.
«О!го которул+» тизмеги үч топтомдук сунуштан турат: Light+О!го которул», «О!го которул+» жана «О!го которул Түштүк», аларда ыңгайлуу баарлашуу үчүн бардыгы бар – чексиз мобилдик интернет, О! түйүнүндө да, өлкөнүн башка мобилдик операторлорунун номерлерине да акысыз чалуулар жана SMS.
« Light+О!го которул» тарифи –бул жогорку ылдамдыктагы 8 Гб мобилдик интернет, О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS, ошондой эле башка мобилдик операторлордун номерлерине 5 мүнөт болгону жумасына 95 сом.
«О!го которул+» тарифи – бул жогорку ылдамдыктагы 12 Гб мобилдик интернет, О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS, ошондой эле башка мобилдик операторлордун номерлерине 30 мүнөт болгону жумасына 135 сом.
«О!го которул Түштүк» тарифи – Кыргызстандын түштүк областтарындагы жашоочулар үчүн уникалдуу сунуш. «О!го которул Түштүк» тарифи - бул жогорку ылдамдыктагы 4 Гб мобилдик интернет, О! түйүнүндө акысыз чалуулар жана SMS болгону жумасына 40 сом.
«О!го которул+» тизмегиндеги тарифтер жөнүндө кенен малымат www.o.kg сайтында.
О! мобилдик оператору – сенин смартфонуң үчүн байланыш!