Ошто О!Store дүкөнү ачылды

15.08.2016

О! мобилдик оператору Ош шаарында жаңы О!Store дүкөнү ачылгандыгы жөнүндө маалымдайт. Дүкөндүн ассортиментинде - Apple, Samsung, Xiaomi, LG, Lenovo, Asus  жана башка белгилүү өндүрүүчүлөрдүн моделдери, ошондой эле фирмалык аксессуарлардын чон тандамы сунушталган. Мындан тышкары, дүкөндө О! мобилдик операторунан фирмалык 4G-түзүлүштөрдү сатып алууга мүмкүндүк бар.

О!Store-дун тажрыйбалуу кенешчилери гаджеттердин артыкчылыктарын кантип максималдуу натыйжалуу колдонуш керектигин көрсөтүп беришет. Девайстарды сатып алганда кардарларда товарларды төлөө мөөнөтүн узартуу менен сатып алуу үчүн керектүү документтерди жол-жоболоштурууга мүмкүндүктөрү бар. О!Store-дун дагы бир артыкчылыгы – мобилдик телефондорго расмий кепилдик тейлөө көрсөтүлөт.

«Дүкөндүн ачылышына  биз күткөндөн да көп адамдын келиши, албетте, бизди аябай кубандырды. Ушул күндү биз менен өткөрүп, конкурстарга активдүү катышып, дүкөндүн ачылыш майрамында биз менен болуп, позитив менен бөлүшкөнүнүздөр үчүн рахмат! Ош шаарындагы О!Store дүкөнүндө болбогондордун баарын чакырабыз, келип смартфондун сизге жаккан моделин текшерип көрүнүздөр!», – деп компаниянын коммерциялык директору Максим Сидоренко айтып берди. 

Каалаган смартфонду сатып алганда кардар жагымдуу бонус – 30 күнгө чексиз мобилдик интернет аларын белгилейбиз.

Жаны O!Store дүкөнү  Ош шаары, Араван району,   Курманжан Датка көчөсү, 256 дарегинде жайгашкан.

Бишкектеги O!Store дүкөндөрүнүн даректерин эске алабыз:

✔ Бишкек Парк, М1-кабат (болжол менен –«Yimpaş» гипермаркети, «Sulpak» дүкөнү).

✔ ЦУМ, 1-кабат

✔ VEFA-борбору (1-кабат)

✔   Юнусалиев көчөсү, 177/1 («Бета Сторес-2» жанында).

О!Store – сенин ийгиликтүү сатып алышың!


Тизмеге кайтуу