О! компаниясы Intern Labs QA 2.0 – Automation боюнча акысыз стажировкага кабыл ала баштады
О! мобилдик оператору таланттуу жаштарды Кыргызстандын супер беделдүү компаниясы - «НУР Телеком» компаниясына жумушка орношуу мүмкүнчүлүгү менен Intern Labs QA 2.0 – Automation боюнча толук акысыз стажировкага чакырат.
Quality Assurance Automation – бул тестирлөөнү автоматташтыруу боюнча инженер жана ал өнүмдүн сапатын, аны иштеп чыгуунун бардык этаптарын көзөмөлдөөнү камсыздайт.
Эгер сиздин бул чөйрөдө базалык билимиңиз бар болсо жана ал билимиңизди тереңдетүүнү, көп сандагы пайдалуу байланыштарды түзүүнү жана кыялыңыздагы жумушка орношууну каалап жүрсөңүз, анда бул сиз үчүн эң мыкты мүмкүнчүлүк!
Окутуу кандай өтөт?
Курс КРнын алдыңкы катардагы иштеп чыгуучулары – практиканын гурулары менен теориянын чеберлери тарабынан өткөрүлөт. Окутуу жумасына 2 күн 2 сааттан онлайн форматта жана Бишкектин борборунда жайгашкан жайлуу кеңсенин ичинде офлайн форматта жүргүзүлөт. Курстун мөөнөтү – 6 ай. Сизди теория менен практиканы айкалыштырган үч айлык базалык окутуу күтөт. Ал эми кийинки 3 айда реалдуу долбоорлорго катышасыз. Окутуу орус тилинде жүргүзүлөт.
Кандай натыйжага жете аласыз?
-
Сиз автоматташтыруунун инструменттерин өздөштүрөсүз, веб-тиркемелер менен API үчүн автотесттерди, Java программалоо тилинин негиздерин жаза баштайсыз. Тестирлөө чөйрөсүн иштеп чыгууда долбоорлоонун шаблондорун пайдаланганды үйрөнөсүз, алдыңкы практикаларды колдонуу менен REST API кызматтарын тестирлөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуз. Сиз чөйрөдө суроо-талап жогору болгон эң мыкты көндүмдөрдү, анын ичинде GIT, Selenium, JAVA, JMeter жана башка көптөгөн инструменттерди өздөштүрө аласыз. Натыйжада инженердик чечимдерди программалык камсыздоону тестирлөө процессинде колдонуп, сапаттуу өнүмдөрдү жарата аласыз.
-
Курсту бүтүргөндүгүңүз жөнүндө документ аласыз.
-
Мыктылардын мыктысын биздин ынтымактуу жамаатыбызга жумушка чакырабыз! Сиз IT дүйнөсүнүн кеңири мейкиндигине эшик ачкан беделдүү жана эмгек акысы жогору адистикке ээ болосуз.
Талапкерлерге карата коюлуучу талаптар
Тестирлөөнү автоматташтыруу жаатында өсүп-өнүгүү ниетинен тышкары, талапкерлер төмөнкүлөргө ээ болушу керек:
-
Java боюнча базалык билим;
-
Git жана SQL боюнча билимдер;
-
Орус тилин мыкты жана англис тилин Intermediate деңгээлинде билүү.
Кантип катышат
-
2024-жылдын 19-августунан 8-сентябрына чейин – биринчи тандоо туру башталат. Алгач internlabs.o.kg шилетемесинен анкета толтурасыз, андан соң сизге нускамалар менен биринчи тесттен өтүү үчүн шилтеме берилет.
-
2024-жылдын 9-сентябры – биринчи турдун жыйынтыктарын чыгаруу. Биринчи турдан ийгиликтүү өткөндөргө тестке шилтеме жиберилет;
-
2024-жылдын 9-сентябрынан 15-сентябрына чейин – финалдык тур;
-
2024-жылдын 16, 17-сентябры – финалдык турдун жыйынтыктарын чыгаруу, акыркы тесттен ийгиликтүү өткөндөргө тандалган курска кабыл алынгандыгы жөнүндө билдирме жиберилип, Welcome Day иш-чарасына чакырылат.
Баарыңарга ийгилик каалайбыз жана жолугушууну чыдамсыздык менен күтөбүз!
«НУР Телеком» ЖЧКсынын КР МТБМК караштуу МБА 06.12.2016-ж. №16-0062-КР жана №16-0063-КР лицензиялары.